1937-жылдын, 25-июнь күнү кыргыз маданиятынын өсүшүнө салым кошкон инсандардын бири жарык дүйнөгө келген. Ал чыгармачылык эмгек жолунда 103 кинофильмде роль жараткан, Кыргыз эл артисти Болот Бейшеналиев.
Легендарлуу актёр Чүй боорундагы Кемин районунун Калмак-Ашуу айылында туулган. Ташкенттеги А.Островский атындагы театралдык-көркөм институтун бүтүргөн. Эмгек жолун Кыргызфильм студиясында баштап, эң алгачкы ролун "Тайгак кечүү" фильминде аткарган. Кыргыз мамлекеттик драма театрында иштеген.
Болот Бейшеналиев "Жамиля", "Ак мөөр", "Биринчи мугалим" жана башка ондогон фильмдерде жараткан ролдору аркылуу кино сүйүүчүлөрдүн эсинде калды. Ал 2001-жылы 17-ноярбрь күнү 64 жаш курагында кайтыш болгон. Бул күнү кыргыз киноискусствосунун 60 жылдыгы белгиленип, маараке аяктап калганда столдо отурган актёрдун капысынан жүрөк оорусу кармап калган.
25-июнга карата жылнаама.