Орусиялык ырчы Алсу 1983-жылы Татар автономдук республикасынын Бугульма шаарында төрөлгөн. Ырчылык карьерасы 1998-жылы 15 жашынан тарта башталган. 1999-жылы “Алсу” аталышындагы алгачкы альбому жарык көрүп, 6 айда 700 миң көчүрмөсү сатылган.
Ырчы "Зимний сон", "Всё равно" ырлары менен белгилүү болгон жана 2000-жылы Орусиянын атынан "Евровидение" сынагына катышып, 2-орунга татыган. Ошол жылы Татарстан Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, 2010-жылы Татарстан Республикасынын Эл артисти наамдарына ээ болгон.
2006-жылы жеке ишкер Ян Абрамовго турмушка чыгып, ушул эле жылдын сентябрь айында Сафина аттуу кыздуу болгон. 2008-жылы экинчи кызы Макелла жарык дүйнөгө келсе, 2016-жылы Рафаэль аттуу уулу төрөлгөн.
27-июндун жылнаамасы.