Атамбаевдин кызы Алия Шагиева 1 аптадан бери кыргыз тилинен котормочу таппай жатат

Президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева социалдык тармактардагы өздүк баракчасына жазган тексттерин орус тилинен кыргыз тилине которуп берүүнү каалагандарга ыраазычылык билдирди. Ал кечээ, 26-июнда фейсбуктагы баракчасына кыргыз тилине котормочуну дагы деле издеп жатканын жазган.

"Жөн гана билимин бөлүшүү идеясы үчүн тексттеримди акысыз которуп берүүнү сунуштагандар көп болду. Сиздер мыктысыздар. Эми аныктап, достошуп баарын башташ керек. Тандоо абдан кыйын болуп турат, кимдир бирөөнү капа кылып аламбы деп корком. Адамды тандоодо жаңылуу ар дайым көңүл оорутат", - деп жазган ал билдирүүсүндө.

Эске салсак, Шагиева 1 апта мурун кыргыз тилин билбей тургандыгын моюндап, аны үйрөнүү ниети бар экенин жазган.

"Тилекке каршы, учурда тил үйрөнүү курстарына барганга убактым жок, бирок мен бир жолун ойлоп таптым. Эми менин тексттерим үч тилде жазылат: кыргыз, орус жана англис тилдеринде. Мындай ыкма көптөгөн сөздөрдү, сөз айкаштарын бат жана оңой үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул үчүн мага кыргыз тилинен котормочуну табууга жардам бериңиздер. Ал адегенде коомчулукка өз билимин бөлүшүүнү, коомго пайда алып келүүнү ойлогон адам болушу керек. Акча табуу жөнүндөгү каалоосу ушулардан кийинки орунда турушу керек", - деп жазылат билдирүүсүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (28)
Ronaldo.99
2017-06-27 11:35:56
Атамбаев кыргыз тилин онуктуробуз деп суйлоду эле Москвада.Озунун кызынан баштай берсин
+20
kayratbek81
2017-06-27 12:35:26
Эне тилин билбеген, элин суйуп жарытпайт деген макал бар беле
+5
etaj_rus79
2017-06-27 12:51:02
Бул деген кыргыз тилинин жоголуп баратышы кыргыз болуп кыргвзчага котромочу издеген ...президентибиздин уйунон башталыптыр кырзыг тилинин кордолушу демек бул жакшы кабар эмес
+3
Shamdagai2013
2017-06-27 12:56:22
Атамбаевдин президенттик убактысы бутсо,ошону котормочу кылып ал!
+4
Revolyutsiya2
2017-06-27 13:13:02
Атамбаевдин озу улуту кыргыз экенинен шегим бар...
+8
Muratmipa
2017-06-27 13:22:10
Оооиии олдуго бул жагы
+1
Jarookerjan
2017-06-27 13:22:35
Кыргыз тилин билбеймин деп кантип уялбай элге жарыя кылдын?Кыргыз тилин уйронууго убакыт жок дебестен,калоо жок деп эле айт.Эгер чындап аракет кылганында жыланач дененди элге жарыялоо менен алектенбей,кыргыз тилин качан эле оздоштуруп алмаксын.
+4
Muratmipa
2017-06-27 13:23:14
Кел мен эле сага уйротом кыргызчаны 3 кун жер толого камап ачка калтырып анан кором кыргызча нан бер ачкалдым деп бакырсан керек
+1
Ak_Bulut
2017-06-27 14:24:02
Соц.тармак реклама докмент телевизор бут эле орус тилде, Алия же (атактулар) кыргызча жазса мага да жакшы болмок орчадан кыйналбай
-2
Patriot7
2017-06-27 14:43:35
Озунун биздин ан-сезим, тушунугубузго жат ой-пикирлерин, жарым жыналач суротторун кыргыз тилдуу окурмандарга да жеткирейин деп камынганы го...

Эл кой десе кайра ансайын оолуккан кыз экен, атасын тартып...
+1
love_you
2017-06-27 15:53:52
Patriot7,туура айтасыз. кечиресиз, плюс басам деп, минус басып алдым
0
ayjan_90
2017-06-27 15:03:35
Пазор Атамбаев кызына кыргызча уйротуп анан элди башкар башка президенттердин кыздары укпасын жатып алып кулот
+3
KGstan1981
2017-06-27 16:55:10
Эми эмне дейбиз байкуш Алиягада тушунсо болот.Апасы татарка болсо.Атасы болсо ХХХ деген создон башка эчтекени билбесе))))
+2
bekov01
2017-06-27 17:20:35
Кыргыз болуп туруп кыргыз тилин билбейм деген бул намысы жоктугунун жеткен чеги. Умут етпей еле коелу мындай адамдын елине зыяна еле тийбесе пайдасы тийбейт
+3
Aitunuk
2017-06-27 20:10:28
bekov01, канчалаган адамдар тилин билбей эле, адамзатка жакшылык кылып келет. "Бөө" деп качкыдай эне тилин билбеген биринчи кыргыз эмес го дейм, эне тилинде суудай сүйлөп, бирок кыргызга кыпындай да пайда келтирбеген кыргыздар толтура жүрөт го.
-5
bekov01
2017-06-28 04:04:14
Aitunuk,кантип кыпындай пайдасы тийбейт? Алар ене тилде суудай суйлоп Кыргыз деген улутту очурбой сактап келе жатышат. Егер адамдардын баарында намыс жок болсо ене тилин, улутун, ата бабасын унутуп, оз тилин таппай калган манкуртка айланышат
0
Rasul1987
2017-06-27 18:01:52
"Эне тилин билбеген эсине жогун аныктайт.
Эне тилин сүйбөгөн элин сүйүп жарытпайт "
+5
Aitunuk
2017-06-27 19:56:08
Азаматсың, билбегенин жашырып, калп эле патриот боло бербей, үйрөнөм деп айтканың үчүн. Жөн эле котормочу эмес, кааласаң кыргыз адабий тилинде сабаттуу сүйлөөгө жана жазууга үйрөтө алам."Анча-мынча кыргызмын" деп төш каккандардын түшүн жорууга жарап каласың. Чыгармачыл адамдын жан дүйнөсү мага тааныш.
-4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан