Бүгүн, 28-июнда Кыргыз мушкери Дастан Шаршеев кайрадан орусиялык мушкер Антон Калинин менен реванштык беттешке чыкты.
Мушкерлердин урушу башталган соң аренанын ичи жанданып, бүгүнкү уруштардын арасынан эки спортчунукун күткөндөрдүн саны көп экенин байкоого болду. Жалпысынан рингде Дастан Шаршеев үстөмдүк кылып, 2-раундда Антон Калининдин мурдунан кан кетти. 3-раундда Антон Калинин Кыргыз мушкеринен көп сокку алды. Ал эми кошумча 4-раундда орусиялык мушкер күчүн жыйнап жооп кайтарып, кол салууга аракеттенди.
Уруш аяктаган соң калыстардын чечими менен жеңиш Дастан Шаршеевге ыйгарылды. Алып баруучу Кыргыз мушкерине микрофонду сунуп, "канааттандыңызбы?" деген суроосуна жооп алды.
"Ассаламу алейкум, Казань! Баарыңарга рахмат, мени колдоп келген жердештериме, күйөрмандарыма ыраазычылык", - деди Шаршеев.
Бул беттешти Кыргыз спортчусу уткан күндө дагы, кийинки баскычка чыга албай турганын чемпиондуктун уюштуруучулары билдирип, беттеш көрсөтмө катары гана уюштурулуп, мелдештин жыйынтыгына таасир бербесин айтышкан.
Кандай болсо да Кыргыз мушкеринин бүгүнкү жеңиши бүтүндөй кыргыз элин кубандырды.
Эскерте кетсек, 22-апрелде Кыргыз мушкери Дастан Шаршеев Татарстанда өткөн турнирде орусиялык Антон Калинин менен кез келген. Ал атаандашын 3-раундда нокдаунга учуратса да, калыстар жеңишти орусиялык мушкерге ыйгарышкан. Мындан улам Кыргыз спортчу рингден түшпөй койгон. Ага барган калыс депортация менен коркуткан, ага карабастан Дастан Шаршеев микрофонго өз нааразычылыгын айткан.