Бишкек шаарына балдарга заманбап оорукана куруу үчүн Сауд өнүктүрүү фонду каражат бөлөт. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда парламенттин жыйынында саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев билдирди.
Анын айтымында, аталган фонд 30 миллион доллар жеңилдетилген насыя бөлөт. Ал билдиргендей, Кыргыз мамлекетинде 1 миллион 400 миӊден ашуун бала бар, алар заманбап жаӊы технологиялар менен жабдылган ооруканага муктаж.
“Бир Бол” фракциясынан депутат Улугбек Ормонов 30 миллион долларга 16 мектеп курулат дегенде эл нааразы болгонун эскертти. “Коомчулук мындай каражатка 20 мектеп курса боло турганын айтты эле. 30 миллион долларга 1 эле оорукана курулабы? Эсептеп чыктыңарбы?” - деп эл өкүлү министрге кайрылды.
Батыралиев жаңы оорукананын жалпы аянты 10 миӊ чарчы метр болорун айтып, керектүү жабдууларга эле 8 миллион доллардан ашык каражат кетет деп жооп кылды.