Парламентте мектептерди 5 күндүк окуу тартибине өткөрүүгө багытталган мыйзам долбоору 1-окууда жактырылды

Бүгүн, 28-июнда парламентте мектептерди 5 күндүк окуу тартибине өткөрүүгө багытталган мыйзам долбоору 1-окууда жактырылды.

Мыйзам долбоорунда АКШда, Европа, Түштүк-Чыгыш Азия жана башка өнүккөн мамлекеттерде мектептерде беш күндүк окуу каралганы жазылган. Ошондой эле айрым өлкөлөр ал тургай төрт күндүк билим берүүгө өтүшкөнү айтылат.

Демилгечи депутат Дастан Бекешев мектептерде алты күндүк окутуу мугалимдерге жана окуучуларга ашыкча түйшүктөрдү жарата турганын билдирди. “Окуучулар үчүн ар кандай спорттук секцияларга, таанып билүү жана оюн-зоок ийримдерине катышуу, эс алуу үчүн убакыт калбайт. Жумасына алты күн бою билим алуу менен окуучу дем алыш күнү үй тапшырмаларын аткаруу менен алектенет. Мугалимдер да дем алыш күндөрү контролдук жана башка тапшырмаларды текшерүүгө муктаж болушат. Андыктан мугалимдерде эс алуу үчүн бир да күн болбойт”, - деди Бекешев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Nur8088
2017-06-28 19:16:43
Ооба, 5 кундук окуу мугалимдердин тумондой туйшугун аз да болсо женилдетет. Анткени бала бакчалар да 5 кун иштеп, кээ бир баласы жаш мугалимдер кыйналып журчу
+2
Asyl.jazi
2017-06-29 00:51:57
Nur8088,5 кундукко откон, бирок мугалимдер суббота куну дагы иштешет. башталгыч класстын мугалимдери дагы келишет. 9-класстар окуйт суботта куну. анан кайдагы мугалимдер дем алат деп жазып койгон
0
bakulya2015
2017-06-28 19:57:10
Отуп бутконго 5 кундукко.
+1
Naiman39
2017-06-28 23:12:04
Жакшы болмок суббота базар катынды кичине болсода иштетмекмин мака чаптырып
-1
aravan.kg
2017-06-29 09:29:25
Мугалимдердин бир кундук акчасы кимдин чонтогуно тушот болду экен ошондо
0
aravan.kg
2017-06-29 09:31:53
Бирнерсеси болбосо бекеринен жактырышпайт булар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан