Криштиану Роналду 1 ай мурун төрөлгөн эгиз балдарына учуп кетип, Конфедерациялар Кубогунда ойнобой калды

Орусияда өтүп жаткан Конфедерациялар Кубогунун 3-орунга болгон беттешинде Португалия курамы Криштиану Роналдусуз ойнойт. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар маалымдайт.

Криштиану Роналдунун июнь айынын башында эгиз балдары төрөлгөнү тууралуу айтылып келген. Португалиянын Футбол федерациясынын айтымында, ал балдары төрөлгөнү жөнүндө Кубокко даярданып жатканда билдирип, бирок курама команда менен калууну чечкен.

“Мен балдарымдын төрөлгөнүн билип туруп, Португалия курамасы менен аягына чейин болдум. Финалга чыкпай калганыбыз өкүнүчтүү, бирок биз өз күйөрмандарыбызды кубантканга даярбыз. Башкы машыктыруучунун жана Португалия футбол федерациясынын президентинин мага кылган мамилесин унутпайм, алар чындап мени кубантышты. Өз балдарым менен жолугушуумду чыдамсыздык менен күтөм", - деген Криштиану Роналду эгиздерине учуп кеткендигине байланыштуу, 3-орунга болгон оюнда ойной албайт.

Эске салсак, Португалия курамасы жарым финалдык беттеште Чили курамасына пенальтилер сериясында жеңилип калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Zeinep_gunew93
2017-06-29 19:33:45
Омурлуу болсун балдары. Кандай жакшы Аллахым бизге да насип кылсын эгиз балдарды
+5
roland
2017-06-29 19:48:44
Спортту сыйлабайт экен
Женилип ызаасына чыдабай кетип калды
-10
Isco22
2017-06-29 22:06:21
roland,"Португалия футбол федерациясынын президентинин мага кылган мамилесин унутпайм, алар чындап мени кубантышты" деп турат го футбол федерациясынан жооп сурат кетип жатпайбы
0
Best.bakyt
2017-06-29 19:56:53
Бул тренер дегенге баш ийбеген да неме экен да. Жел опко
-8
Sapabekov
2017-06-29 22:55:22
Кетсе жарыка келген балдарын көргөнү кети ойноп жыргаганы эмес кыз эле адамсыңар ээ кайдагы болбогон сөздү жазып
+3
Sapabekov
2017-06-29 22:55:47
Кызык
-3
Begimkyz
2017-06-29 23:58:41
Бала бакыт да, же силер эмне акча учун балдарынарды кечип саласынарбы? Роналду Азамат, оюндан да уй булоо биринчи орунда болуш керек.
+3
Dybala.
2017-06-30 03:10:35
Бул качан эле торолгон биринчи футболду тандады качан эле кетип калса болот эле
+1
tahircan
2017-06-30 03:17:07
Бул жерде, К.Роналду эгиз баласы (уул жана кыз) менен түшкөн сүрөтүн жарыялаптыр.

https://www.instagram.com/p/BV7m0IZFj_p/?taken-by=cristiano
+1
tahircan
2017-06-30 03:19:39
Анын өзүнүн комментарийинин котормосу - "Жашоомдун жарыгы болгон 2 ымыркайды кучактаганыма чексиз бактылуумун" (эркин котормо).
+1
tahircan
2017-06-30 03:22:39
Эмне демекчибиз, куттук сөз айтабыз. Реалдын күйөрманысыңбы же Барселонаныкыбы айырмасы жок, балалуу болгон адамды жакшы ниет менен куттуктап койгондон эч ким эч нерсе болбойт. Андыктан, "Роналды - андай, мындай. Тигиндей кылды, мондай кылды" деген алешем сөздөрдү тыялы. Баарыбыз балалуубуз же бир күнү балалуу болобуз, жөн гана чогуу кубанып коёлу. Эч нерсебиз кемибейт. Кыргыз - кең пейил калк. Кыргызмын деп төш каккандарга ашык сөз айткан жарашпайт.
+2
elmurad
2017-06-30 09:35:36
бул не аялы жок эле бала тороло береби
0
Targarien
2017-07-01 00:03:49
Озу ата озу апа болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан