Бүгүн, 29-июнга караган түнү Орусиянын Казань шаарында өткөн Конфедерациялар Кубогунун жарым финалдык беттешинде Чили-Португалияга кез келген.
Анда эки команда негизги убакытта жеңүүчүнү аныктаган жок. Оюн жыйынтыгы пенальтилер сериясында чечилди.
Чили өлкөсүнөн голду Артуро Видаль, Чарлес Арангес жана Алексис Санчес киргизишти. Португалиялык футболчулар бир дагы гол менен айырмаланган жок. Чили дарбазачысы Клаудио Браво португалиялык Рикарду Куарежманын, Жуан Моутиньюнун жана Нанинин соккусун тосо алды.
Чили курамасы финалда Германия-Мексика беттешинин жеңүүчүсү менен кезигет.