Ырчы Малика Динага козголгон кылмыш иш токтотулду

Ырчы Малика Динага козголгон кылмыш иш токтотулду. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 29-июнда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан SUPER.KG порталына тастыкташты.

Чүй ОИИББинин маалыматына караганда, кылмыш иш жабырлануучунун тосмо арызынын негизинде токтотулган. Ал эми документтерди жасалмалоо боюнча Малика Динанын күнөөсү далилденген эмес.

Айта кетсек, Малика Дина 17-май күнү эртең менен Дубайдан учуп келгенде "Манас" аэропортунан кармалган. Бирок ошол эле күнү ден соолугуна байланыштуу ооруканага жаткырылып, операция жасалган болчу. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 166 (алдамчылык), 350 (документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, берүү же пайдалануу) беренелери боюнча иш козголуп, "ижарага алган унааны кайтарып бербей, башка адамга сатып жиберген" деп айыпталган. Ага 9-март күнү айыбы угузулуп, 11-мартта Аламүдүн райондук соту сыртынан аны камакка алуу чечимин чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Yasmina87
2017-06-29 18:55:37
Мынча жакшы жаңылык
+1
RusMos76
2017-06-29 19:06:33
Иштерине ийгилик, ден- соолукту чында, жаманга жанашпа, досту да карап дос кыл.
+2
Izdeim_seni.
2017-06-29 19:52:50
Акылы жок чунак кыз. аПанды кыйнаба Эми.
+2
love.me.again
2017-06-29 20:08:31
Куйоосу эколсу окшошпой табышыптыр да ырсакташып
+2
Almazbek1980kg.
2017-06-29 20:40:28
Шоктук кылба эми Динара жеңени кыйнап.
+2
raykray
2017-06-29 21:00:58
ИИ жакшы кабаре))) кудай ОЗУ жаман создон жаман коздон сактасын, коп ырларын жакшы кором,Биринчилерден "жолугабыз аз кундо"
-5
Gulim_zamujem
2017-06-29 21:48:57
Жакшынакай фотосу жок бекен
+2
Adiletto
2017-06-30 01:23:38
Gulim_zamujem, Эмне экен фотосу? Апакайго сонун
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан