Ырчы Динара Акулованын кызы Малика Дина алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Малика Дина 17-май күнү эртең менен Дубайдан учуп келгенде "Манас" аэропортунан кармалган. Учурда ал Аламүдүн РИИБине сурак берүүдө.
"2017-жылдын 3-январь күнү Аламүдүн РИИБине 1959-жылы туулган тургун кайрылып, Малика Дина аттуу жаран ижарага алган унааны кайтарып бербей жатканын айткан. Ал документтерди жасап, башка адамга сатып жиберген. Малика Дина Кылмыш-жаза кодексинин 166 (алдамчылык), 350 (документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, берүү же пайдалануу) беренелери боюнча айыпталууда. 9-март күнү айыбы угузулуп, 11-мартта Аламүдүн райондук соту аны камакка алуу чечимин чыгарган", - деп билдиришти Чүй ОИИББинен.
Айта кетсек, 2017-жылдын башында Динара Акулованын кызы Малика Динанын үстүнөн Чүй облусунун Аламүдүн РИИБине арыз келип түшкөн. Анда ырчынын кызы ижарага унаа алып, аны кайтарып бербей жатканы айтылган.
Ал эми Динара Акуловага кайрылганыбызда, ал төмөнкүлөргө токтолгон болчу.
"2016-жылдын 30-декабрь күнү кызым Малика Дина жана достору ижарага унаа алышып, аны эки күндөн кийин алып барып бериш керек болгон. Бирок жол алыс болуп калгандыктан, ал күнү келе албай калышып, бир күн кечиктиришкен. Ошол учурда унаа ээси милицияга арыз жаза коюптур. Төлөбөй качып кетишет деп корксо керек. Унаанын бир күндүк ижара акысы 6 миң сом экен. Бир күн кечиктиргени үчүн деп айыбы менен 12 миң сом төлөп, унаасын тапшырганбыз. Болгону эле ошол, эмнеге ызы-чуу болуп кетти билбейм. Балким, бирөө эле мени таанып калып, атыма шек келтириш үчүн ушундай кылып жатабы деп ойлойм".