Бишкекте дүйнөнүн 40 өлкөсүнөн келген 450 окумуштуунун катышуусунда Борбордук Азияны изилдөө боюнча эл аралык конференция башталды. Уюштуруучу комитеттин мүчөлөрүнүн бири Мохира Суяркулованын айтымында, конференция 2-июлга чейин уланат.
"Бул конференция Борбордук Азияны изилдөө боюнча эки ири европалык жана америкалык ассоциациялар тарабынан өткөрүлүп жатат. 4 күндүн ичинде дүйнөлүк окумуштуу, аймактарды изилдөөчүлөр политология, этнография, социология жана башка бир нече тармактарда жүргүзгөн изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары менен тааныштырышат. Иш-чаранын максаты - анын катышуучуларынын бири-бири менен маалымат алмашуусу", - дейт ал.
Дүйнөнүн белгилүү окумуштууларынын башын бириктирген эл аралык конференциянын ачылышында конокторго "Устатшакирт" ансамблинин мүчөлөрү өнөрлөрүн тартуулап, улуттук музыка менен тааныштырышты. Андан сырткары Австриянын Илимдер академиясынын кызматкери Паоло Сартори Борбордук Азиядагы мамлекеттерде совет бийлиги учурундагы исламдын мааниси жөнүндө докладын окуп, ал коноктор арасында талкуу жаратты.
Иш-чаранын жүрүшүндө 1-июлда Кыргыз мамлекетинин атынан филология илимдеринин доктору Гүлнара Айтпаева "Кыргыз жергесинин ыйык географиясы жана анын коомго тийгизген таасири" деген темадагы докладын окуйт.
Ал: "13 жылга созулган изилдөөбүздүн жыйынтыгында Кыргыз өлкөсүнүн 7 дубанынан 1178 ыйык жерди тизмеге түшүрдүк, алардын ар биринин тарыхын изилдедик. Совет мезгилинде адамдардын көбү дин жок деген пикирде болушкан. Бирок изилдөөлөр көрсөткөндөй, ал учурда дагы диний жана салттык ишенимдер сакталган. Мына ушул сыяктуу ата-бабаларыбыз салт катары карманып келген көрүнүштөрдү илимий көз караш менен талдап, жыйынтык чыгарайын деп жатабыз", - дейт.