Конфедерациялар Кубогунун финалында Чили менен Германия кез келет

29-июндан 30-июнга караган түнү Орусиянын Сочи шаарындагы "Фишт" стадионунда Конфедерациялар Кубогунун финалына чыгуу үчүн Германия менен Мексиканын курама командалары кез келди. Оюндун алгачкы бөлүгүндө Германиянын жарым коргоочусу Леон Горецка эки гол киргизүү менен командасын алдыга сүрөй алса, экинчи бөлүктө Тимо Вернер үчүнчү голду жаратты. Андан соң мексикалыктар чабуулду күчөтүп, Марко Фабиана Германиянын дарбазасына бир гол киргизди. Бирок андан көп өтпөй Германиянын жарым коргоочусу Амин Юнес төртүнчү голдун ээси болуп калды. Оюн Германиянын пайдасына 4:1 эсебинде аяктады.

Буга чейинки жарым финалда Чили Португалияны утуп, финалга чыккан болчу.

Финалдык оюн 2-июлдан 3-июлга караган түнү Бишкек убактысы боюнча саат 00:00дө башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
elmurat.kg
2017-06-30 10:04:47
Португалия 3-местаны дагы алалбайт эми ...Евро 2016да случайно эле утуп кетишкен эле ар бир оюнду таваккал кылып
+4
Isco22
2017-06-30 10:24:04
elmurat.kg,мексиканы женет жон эле групповойдо 1-оюну болгон учун жакшы ойной алган эмес
-1
rios.07
2017-06-30 10:05:11
немистер кыйын экен! немис машина оз созуну айтты! барибир немис немистигини кылды.
+1
FCBMESSI
2017-06-30 11:11:01
1 Чили 2 Германия 3 Португалия менин божомолум))
-2
malikkkg
2017-06-30 15:07:40
Чилини браво, санчес, видаль учоо эле алдыга чыгарып атат
+1
beka666
2017-06-30 22:40:52
Кыргызстан да буйруса ойнойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан