"Үй-бүлөмдүн мүчөлөрү жана туугандарым мамлекеттик кызматтарда иштешпейт", - деди бүгүн, 30-июнда маалымат жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков.
"Улуу кызым Айдай жакында турмушка чыкты. Күйөө балам жеке ишкер, кызым "Акун" фирмасынын башкы директору. Алардын бактылуу болушун каалайм. Эң негизгиси туугандарымдын бири да мамлекеттик кызматты ээлебейт", - деди Турсунбеков.