Дастан Шаршеев: "Намысымды татыктуу коргодум деп ойлойм”

Мушкер Дастан Шаршеев бүгүн, 2-июлда өз мекенине кайтты. Ал 27-июнда TNA эрежелери боюнча мелдеште атаандашы Антон Калинин менен реванштык беттешин жеңип алган. Мушкерди достору, жакындары тосуп алышты. Дастан Шаршеев ата-энесин, мекенин сагынганын жана абдан толкунданып жатканын айтты.

“Азыр өзүмдүн мекениме келип, абдан толкунданып турам. Ата-энемди абдан сагындым”, - деди мушкер.

Мындан тышкары ал TNA лигасында реванштык беттешке чыгуу өтө жоопкерчиликтүү жана маанилүү болгонун билдирди.

“Сөздүн ачыгы "утулуп калсам эмне болот?" деген суроодон абдан корктум. Ата-энем, көп мекендештер сарсанаа болуп, түз эфирден көрүп отурушту. Менин беттештеги жеңишим Кыргыз элинин, ата-энемдин намысы болчу. Мен намысымды татыктуу коргодум деп ойлойм”, - дейт Дастан Шаршеев.

Эске сала кетсек, 22-апрелде Татарстандын Казань шаарында TNA эрежелери боюнча дүйнө чемпионатынын экинчи этабы болгон. Анда Шаршеев орусиялык атаандашы Антон Калинин менен беттешип, калыстардын чыгарган чечимине нааразы болуп, рингден бир топко чейин кетпей турган. Калыс мушкер Шаршеевдин мындай жоругу депортацияга алып келерин эскерткен. Көптөгөн жалпыга маалымдоо каражаттарындагы спорт журналисттери, спортчулар Дастан Шаршеевге колдоо көрсөтүшкөн. Жыйынтыгында, июнь айында өтүүчү дүйнөлүк чемпиондукта реванш-беттеши белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Mumu1986
2017-07-02 20:18:04
Азаматсын! Ото намыской, ожор, айтканынан кайтпаган жигит экенсин.
+7
maltepe
2017-07-02 20:38:31
Азаматсыз Братан
+4
mir777
2017-07-02 20:53:14
Мужик
+4
Seryi-Kardinal
2017-07-02 21:43:35
Өзүнчө эле звезда болуп жадаттың го эки айдан бери. Эс алчы кичине. Мейвезер-Макрегор беттеши да жаңылыктарга сенен азыраак чыгып атат
-22
sirgak_92
2017-07-02 21:48:35
Seryi-Kardinal,Өзүң биринчи өлкөнүн атын бир ааз болсо чыгарып алчы деги Кыргызстанга эмне кылдың комент жазгандан башка баляя билбейсин
+3
kairatibraev94
2017-07-02 22:31:40
Seryi-Kardinal,озунду билсен королбас экенсин сыймыктангандын ордуна кайра жамандап
+4
bakulya2015
2017-07-03 04:06:46
Алла раазы болсун! Омурунуз узун болсун,дагы да ийгиликтер болсун!
0
admin_superstan
2017-07-03 09:58:25
Ulan2601, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан