Орусиялык театр жана кино актёру Андрей Краско 2006-жылы Украинанын Овидиополь шаарчасында режиссёр Сергей Урсуляктын "Ликвидация" аттуу көп сериялуу көркөм тасмасына тартылуу учурунда жүрөк оорусунан улам көз жумган. Ал убакта Андрей Краско 49 жашта болгон.
Актёр 1957-жылы 10-августта Орусиянын Санкт-Петербург шаарында туулган.
1979-жылдан тарта актёрлук кесипке аралашып, алгачкы ролдорун аткарып жүргөн. Бирок 1990-жылдардан соң гана аты элге жайыла баштайт. Өзгөчө 1998-2004-жылдары тартылган "Улуттук коопсуздук агенти" телесериалынан кийин популярдуу актёрлордун катарын толуктаган.
Орустун маалымат булактары Андрей Красконун бир нече жолу үйлөнгөнүн жазып келишет. Студент кезинде Наталья Акимова аттуу кызга үйлөнсө, андан соң поляк улутундагы Мириам Александрович менен баш кошуп, Иван аттуу уулдуу болгон. Бирок арадан 1,5 жыл өтпөй аны менен да ажырашып, кийин Маргарита Звонарева аттуу орус актрисасы менен жарандык никеде жашап, Кирилл аттуу балалуу болгон. Соңку ирет Каролина Попова менен жарандык никеде жашап, Алиса аттуу кыздуу болгон.
4-июлдун жылнаамасы.