Буга чейин Голливуддагы "Даңк аллеясы" АКШнын президенти Дональд Трампты жактырбаган адамдардын сүйүктүү орду болуп келген. Себеби аталган жердеги президенттин аты жазылган жылдызчага анын башкаруу системин колдобогон тургундар жагымсыз сөздөрдү жазып, боёп кетишкен.
Мындан 3-4 күн мурун Американын Макенна Гринвальд аттуу тургуну жылдызчаны жууп-тазалап, жыйынтыгын өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жүктөгөн. Анын айтымында, ошол күндөн тарта президенттин душмандары аны жайына коюшпай, дарегине орой сөздөрдү жазып, тынчтык бербей келишет. Мындан улам АКШдагы телеканалдардын бири аны менен байланышып, кыздын эмне үчүн мындай кадамга барганын сурашкан.
"Менин оюмча тургундардын бул кылыгы туура эмес. Биз өлкөбүздөгү эң жогорку кызматты ээлеп турган адамды сыйлашыбыз керек", - деп жооп берген.
Белгилей кетсек, "Даңк аллеясындагы" Дональд Трамптын жылдызчасы мындан 10 жыл мурун "Кандидат" реалити-шоусуна продюсер болуп турганы үчүн берилген.
Ал эми 2016-жылы Трамп АКШнын президенти болуп шайланган 19 миңден ашуун адам каршы чыгып, жылдызчасын жок кылуу үчүн кол чогултушкан.