Матвиенко: "Кыргыз мамлекетинин ички дүң продукциясынын өсүшүнө ЕАЭБге киргени себеп болду"

Орусиянын федералдык жыйынынын федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенконун айтымында, былтыр дүйнөлүк кризис болуп жатканда Кыргыз мамлекетинин ички дүң продукциясы 3,8 пайызга өскөн.

"Албетте, мамлекет башчысынын, эмгекчилердин салымы бар. Ошол эле учурда ички дүң продукциясы Кыргыз мамлекетинин ЕАЭБдин курамына киргенинен улам өстү", - деди Матвиенко бүгүн, 4-июлда Ысык-Көлдө өтүп жаткан форумда.

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Кыргыз Республикасы ЕАЭБге киргенине 2 жылга жетпеген убакыт өткөндүктөн, дагы жасай турган иштер көп экенин айтты.

"Ветеринардык лабораторияларды куруу жана башка маселелер бар. Бул чечиле турган маселе. ЕАЭБ боюнча дайыма талкууланып турат. Оң жыйынтыктар айтылса кубанычтабыз. Ал эми жетишпегендиктер болсо ал көйгөйдүн үстүнөн иштейбиз", - деди спикер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
toktor89
2017-07-04 17:24:20
Ооба сага онуккон мамлекет.
Жолдорду караса жолдо калган кайырчыбыз олтурат. Карапайым калк оз жанын озу багып атат. Окмот кочодо калгандарды ойломок турсун оз курсактарын ойлоп аткан чак.
+3
pixduel1
2017-07-04 18:55:14
Кайдагы осуу?! Мээси жайындабы булардын? Чек арадан сенин товарларынды откозмок тугул , адамдарды иттей текшеретко! Бизден экспорттолсо анын элге тиешеси жок! Бир чириктин бизнеси эле журуп жатат! Карапайым эл эч кандай пайда коргон жок!Элдин атынан суйлобой эле койгулачы вообще!
+2
CEO
2017-07-04 19:10:28
Жомокчулар!!!
0
kamchatka
2017-07-04 19:43:17
бизге билинбедиго осуш чыныбай менен валентинага эле билингенби?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан