Франциянын президенти Макронго болчу кол салууну алдын алууга интернет колдонуучулары көмөктөшкөн

Париж шаарында полиция кызматкерлери Франциянын президенти Эммануэл Макронго кол салгысы келген 23 жаштагы адамды кармашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Ал президентке 14-июль күнү Франциянын улуттук майрамына карата өткөрүлө турган аскер парадында кол салууну пландаганын Француз полициясынан билдиришкен. Ал эми шектүү адамды кармоодо компьютер оюндарынын сүйүүчүлөрүнүн салымы чоң. Алар полицияга интернет оюнчулардын бири автоматтык курал сата турган адамды издеп жатканын кабарлашкан.

Ошондой эле маалыматка ылайык, полиция шектүүнүн жашаган дареги боюнча барганда, ал полиция кызматкерлерине бычак менен каршылык көрсөтүүгө аракет кылган. Анын үйүн тинтүү учурунда бир нече учтуу, курч куралдар табылган.

Андан тышкары сурак учурунда ал саясий көз карашына байланыштуу Макронго кол салууну каалагандыгын айтып, ошондой эле ал кара терилүү адамдарды, араб, еврей улутундагыларды жана кумсаларды өлтүргүсү келгендигин билдирген. Кийин анын мурда да терроризмге үндөгөндүгү үчүн соттолгондугу билинген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан