Өлкөдө 55 бүтүрүүчү "алтын сертификат" алды. Мыкты окуучулардын саны боюнча алдынкы мектептер кайсылар?

"Мектептеги билим - эң маанилүү, ал келечектин пайдубалы", - деди бүгүн, 5-июлда Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жалпы республикалык тестирлөөдөн мыкты натыйжа көрсөткөн бүтүрүүчүлөргө "алтын сертификат" тапшыруу аземинде президент Алмазбек Атамбаев.

Ал бүтүрүүчүлөрдү жетишкен ийгиликтери менен куттуктап, жаркын келечек каалады.

"Мен мектепте жалаң "5" деген баага окудум. Кийин Москвада окуп жүргөндө иштеп, өзүмдү камсыз кылышым керек болуп, окууга көп убакыт бөлө албай калгам. Эрте үйлөндүм, ар кандай кара жумуштан тартып, көп иштерде иштедим. Ошондуктан мектептеги билим жакшы болуш керек. Ушул жерге чакырылган бүтүрүүчүлөр, силерде күчтүү пайдубал түзүлдү. Кыргыз мамлекетинин стратегиялык планын ишке ашыруучулар силерсиңер. Жалаң билим алууга умтулгула, өз маданият, тилиңерди билгиле, сактагыла", - деди президент.

Өлкөдө жалпы республикалык тестирлөө быйыл 16-жылы өткөрүлдү. Бул жылы мектепти 62 миң окуучу аяктаса, анын 48,5 миңи (78%ы) ЖРТ тапшырган. Анын ичинен 219дан жогорку баллга ээ болгон 55 бүтүрүүчү президенттин колунан "Алтын сертификат", "Ардак грамота", планшет жана 10 миң сом өлчөмүндөгү сыйлык алды. Резиденцияга келген бүтүрүүчүлөрдүн арасында бир мектептен бир канча бала "алтын сертификатка" татыктуу болгон: "Сапат" эл аралык системде билим берүү мекемесинин мектептеринен 8 окуучу, борбор калаадагы №61-физика-математикалык мектеп-гимназиясынан 7 окуучу жана Кыргыз-Орус Славян университетинин алдындагы орто мектебинен 6 окуучу 219 баллдан көп топтогон.

Жакшы көрсөткүчкө жеткендердин басымдуу бөлүгү бишкектик бүтүрүүчүлөр. Буга байланыштуу Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева аймактардагы билим берүүгө көңүл буруу зарыл экенин айтты.

"Аймактардан жогорку балл алган балдар аз чыгып жатат, алдыда ошол аймактардагы мектептерге көңүл буруп системалуу иш-чараларды көрүшүбүз керек. Өлкөдөгү бардык мектептерде билим берүүнүн бирдей системи иштейт, бирок үйдөгү шарт, мектептердеги билим берүү, мугалимдердин квалификациясынын деңгээли ар кандай. Быйыл мына Чүйдөн 6 бала келди, Ош, Жалал-Абад, Нарындан да бар. Бара-бара айылдын балдары да чоң көрсөткүчкө жетет. ЖРТ улантылышы керек - бул коррупцияны жоюучу, балдар өз аракеттери менен жемишке жетүүчү систем", - дейт министр.

Мамлекет башчысынан белек алып, алдыда каалаган окуу жайды тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон балдарды ата-энелери жылуу тосуп алышты.

ЖРТдан эң жогорку балл алган Абай Жанузаков "программист болом" дейт
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Alibay
2017-07-05 14:27:15
Азаматсынар,келечегинер кен болуп,олкону онуктурууго мындан да кучтуу билим алгыла!!!!!!!
+4
ayjan_90
2017-07-05 15:45:03
Баарынан да хитжап кийген кыз козумо жылуу корунду
+4
Dilbaranurdinova
2017-07-05 16:10:49
Бутууручолор ак жол...бирок аябай чон корунуштууу
0
Jyrgal_msk
2017-07-05 18:43:21
Жалан эле Бишкектен болуп калыптыр.Коррупция болбоду бекен?
0
Shekeev969798
2017-07-05 20:19:54
Jyrgal_msk,созсуз болот коррупция
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан