Улуу Британияда Чарли Гард аттуу 11 айлык оорулуу баланын жасалма дем алуу аппаратын ата-энесинин, дүйнөлүк коомчулуктун каршылыгына карабай дарыгерлер өчүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Учурда социалдык тармактарда баланы аман алып калуу үчүн #CharlieGard хэштеги көп колдонулууда.
Чарли Гард сейрек кездешүүчү митохондриялык ДНКнын алсыздык синдромунан жабыркайт. Бул оору баш мээге зыянын тийгизип, булчуңдардын алсырашына алып келет. Дарыгерлердин айтымында, анын абалы күн өткөн сайын начарлап баратат. Алар баланын оорусун дарылоо жолдорун издешип, таба албаган соң "өлүүсүнө уруксат берүүгө" аргасыз экендигин айтышкан.
Өткөн айда Адам укуктары боюнча европалык сот Чарлинин аппаратынын өчүрүлүшү керек экендиги тууралуу чечим чыгарган. Бирок баланын ата-энеси аппеляция берип, сот алардын үмүтүн үзбөшү керектигин айткан.
Наристенин өмүрүн сактап калуу үчүн Америкада баасы 1,5 миллион долларды түзгөн дарылоо курсунан өтүшү керек экендиги айтылып, дүйнөнүн 4 бурчундагы адамдар тарабынан бул сумма топтолуп бүткөн. Бирок англиялык дарыгерлер баланын Америкага баруусу жыйынтыксыз болорун айтышкан.
Басылмалардын жазгандарына караганда, Рим папасы Франциск бала үчүн Кудайдан тиленип жатат. "Эч кимдин адамдын өмүрүн токтотуп коюуга акысы жок. Кымбаттуу Чарли, биз сен үчүн Кудайдан тиленип жатабыз", - деген католик чиркөөсүнүн башчысы.
Ал эми АКШнын президенти Дональд Трамп өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына: "Эгер кичинекей Чарли Гарддын өмүрүн сактап калуу колубуздан келсе, британиялык досторубуз, Рим папасы менен бирге жардам берүүгө даярбыз", - деп жазган.