Германиянын Гамбург шаарында эки күнгө созула турган "Чоң жыйырманын" саммити өтүп жаткан. Бул арада жергиликтүү нааразычылык акциясын өткөрдү. 12 миңден ашуун эл аталган шаардын Санкт-Паули жана Альтон аймагында чогулушкан. Аталган аймактарда митингдин катышуучулары унааларды, барикадаларды өрттөп, соода борборлорго жана башка мекемелерге жааттап кирип, аларды кыйроого учураткан.
Маалыматка ылайык, шаардын тартип сакчылары алардын аракеттерин көзөмөлдөөдө. Полициянын билдирүүсүндө митингчилер тартип сакчыларды көздөй бөтөлкө жана жарылуучу заттар менен ыргытышкан. Мындан улам тартип бузгандардан 59 адам кармалган. Алардын ичинен 14 тартип бузуучу жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Нааразычылык акциясына чыккандарды суу чачып таратышкан. Жергиликтүү аймактарда дале тартип бузуулар уланып жаткандыктан полиция кызматкерлери тик учак менен шаардын үстүнөн көзөмөлдөшүүдө.
Германиянын канцлери Ангела Меркель акцияга чыккандарга күч колдонулганын кескин сынга алды. Ал тынч митингдерди демократиялык укук катары сыйлай турганын билдирген. Ошону менен бирге эгерде митингчилердин баш аламандыкка өтүшү демократияны шылдыңдагандык экенин белгилеген.
Белгилей кетсек, Гамбургдагы саммит 7-8-июль аралыгында өткөрүлөт. Анда Орусия, АКШ, Франция, Германия жана башка ушул сыяктуу чоң көрүнүктүү өлкөлөр катышат. Жалпы өлкөлөрдөн Гамбург шаарына 1500 мамлекеттик кызматтын өкүлү келген.