Кыргыз киноактёру жана сүрөтчү Уланбек Султангазиев 33 жашка толду. Ал 1984-жылы, 8-июлда Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылында жарык дүйнөгө келген. Атасынын кесиби мал доктур, апасы мугалим, тилчи жана адабиятчы. Актёр орто мектепти аяктаган соң Бишкек шаарындагы Көркөм сүрөт академиясынын алдындагы окуу жайдын живопись бөлүмүнө тапшырган. Аны аяктап ушул эле окуу жайдын театр жана кино бөлүмүндө билим алган.
Кыргыз кино жаатына 2009-жылдан тарта аралаша баштаган. Тартылган белгилүү тасмалары: "Аят" - 1, 2, 3, "Эркектер", "Талас-Бишкек", "Гаишники", "Кандуу сүйүү", "Соолуган карек", "Кандуу сүйүү-2", "Сен эмне кылмаксың?", "Ээнсиреген үй", "Карт-Бойдок-2", "Тагдыр" жана башкалар.
8-июлга карата жылнаама.