Бүгүн, 11-июлда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум өтүп жатат. Отурумга Шыкмаматов жана аны менен бирге айыпталып жаткандардын бири, Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиев, "Барат Люкс" ишканасынын директору жана күбөлөр катышууда. Соттук отурумга күбө катары Эсептөө палатасынын бардык аудиторлорун (тендер өткөрүлгөн учурда иштегендерди) жана тендердик комиссиянын бардык мүчөлөрү чакырылган. Учурда күбөлөрдүн бири, Эсептөө палатасынын каржылык жактан камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери Айнура Романова көрсөтмө берүүдө.
Романова өз көрсөтмөсүндө "Тендердик комиссияда 7 киши болгон. 5-октябрда протоколго бүт мүчөлөрдүн колу коюлган. Бизге унаалар 2001-2011-жылы чыккан сол рулдуу унаалар болушу керек деген талап коюлган", - деп айтты.
Депутат "коррупция", "кылмышка шериктеш болуу" беренелери боюнча айыпталууда. Шыкмаматов өзүнө тагылган айыпка макул эмес, муну ал "саясий кысым" деп атап келет.
УКМК Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деп жатат.
Эскерте кетсек, аталган тендерге 2 фирма катышып, 2011-жылы 5-октябрда жыйынтыкталган.