Алмамбет Шыкмаматовго өлкөдөн сыртка чыгууга тыюу салынды

Жогорку Кеӊештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун баш коргоо чарасы аныкталды. Депутатка айыбы угузулуп, өлкө аймагынан сыртка чыгууга тыюу салынды. Бул тууралуу 27-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Эл өкүлү "коррупция", "кылмышка шериктеш болуу" беренелери боюнча айыпталууда. Шыкмаматов өзүнө тагылган айыпка макул эмес, муну ал "саясий кысым" деп атоодо.

17-февралда Шыкмаматовго "коррупция", "кызматтык жасалмалуулук" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. 2011-жылы 20-сентябрда Эсептөө палатасынын төрагасы С.Молдокулов кызматтык унааларды сатып алуу боюнча комиссия түзүүгө буйрук чыгарган. Комиссияны Ж.Иманалиев жетектеген. Тендердик комиссиянын мүчөлөрүнүн арасында атайын дайындалган адистердин бири А.Шыкмаматов да болгон. Бирок тендер өткөрүлбөй эле кызматкерлер өздөрү унааларды сатып алышканы айтылууда.

УКМК Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деп жатат. Эксперттердин корутундусу боюнча 2011-жылы Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаанын базар баасы 10 миӊ долларды түзгөнү, Шыкмаматовдун аялынын унаасы 14 637 долларга бааланганы айтылат маалыматта.

24-февралда Шыкмаматов УКМКга чакырылып, 9 сааттан ашуун убакытка суракка алынган. 27-февралда, 3-мартта да суракта болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан