Кечээ, 12-июлда Түркиянын Анталия шаарында 7 ай мурун кыргыз кызды сабагандардын иши боюнча соттук отурум өттү.
М.Н. аттуу 21 жаштагы жабырлануучу кыргыз кызга сотто үч адам жактоочулук кылганын соттук отурумга катышкан телеалпаруучу Ассоль Молдокматова социалдык түйүндөрдүн бириндеги баракчасына жазды.
Маалыматка ылайык, кыргыз кызды 49 жаштагы Мустафа Йылдыз аттуу түркиялык жаран сабаган деп соттолууда.
"Сотто жабырлануучу аны интимдик мамилеге мажбурлаган жана сабаган адамды таанып, ал муунтканын, зордуктоого каршылык кылганда сабап, көчөгө таштап салганын айтып берген. Кыздын айтымында, ал Түркияга Дамира аттуу тааныш кызынын чакыруусу менен барган. Бирок тааныш кызы аны сойкуларды иштеткен кишилерге (сутенёр) 400 лирага сатып жиберген", - деп жазылат билдирүүдө.
Соттун чечими 7-сентябрда чыгары, ага чейин айыпталуучу темир тор артында болору, сот отурумунда Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү болбогону маалым болду.