Түркияда комада жаткан кыргыз кызын сабоого шектелип дагы эки адам кармалды. Бул тууралуу түркиялык басылмалар жазышты.
Маалыматка караганда, кылмышка шектүү катары кармалган С.Ч. жабырлануучу кызды М.У. аттуу адамга сексуалдык кулчулукка сатып жиберген. Учурда С.Ч. "интимдик кызмат көрсөтүүчү жашыруун жай уюштурган", ал эми М.У. "адам өлтүрүүгө аракет кылган" деп айыпталууда.
Буга чейин кызды сабоого шектелгендердин бири кармалып, экөө издөөгө алынганы айтылган эле.
Айта кетсек, 2016-жылдын 21-декабрында Түркиядагы элчиликке Анталиядагы ооруканага аты-жөнү белгисиз азиат улутундагы кыз оор абалда келип түшкөнү маалымдалган. Жабыркаган кыз алгач Анталиянын Коркутели районунун ооруканасына жеткирилип, абалы оор болгондуктан, "Ак-Деңиз" университетинин ооруканасына которулган.