Быйыл өлкөдө мектепти 62 миң окуучу аяктады, жалпысынан жогорку окуу жайларга 5700 бюджеттик орун берилген

Учурда шаарда кайсы окуу жайга кабыл алынар экенмин деп ата-энеси менен чогуу университеттерди кыдырып жүргөн абитуриенттер көп. Көпчүлүгүнүн эңсегени жакшы адистикке окууга өтүп, акысыз билим алуу. Бирок абитуриенттердин айтымында, алар эңсеген адистиктерге бюджеттик орундар берилген эмес.

Анара Батаева Ысык-Көл районунун Күрмөнтү айылынан кызын жогорку окуу жайга киргизүү максатында борборго келген. Кызы Акылай Алмабекова айылдык орто мектепти аяктап, жалпы республикалык тесттен 168 балл топтогон. ЖРТнын талондорун кабыл алуунун 1-турунда талондорунун бирин Кыргыз мамлекеттик техникалык университеттин тамак-аш технологу факультетине, экинчисин Улуттук университеттин физика факультетине таштаган.

"Кызым кичинекей чагынан технолог болууну самачу, бирок ал окуу жайга бюджетке өтпөй калдык. Бүгүн келип карасак Улуттук университеттин физика факультетине бюджетке өтүптүр, бирок кызым мугалим болууну каалабайт. Университеттердин көпчүлүк факультеттеринде окутуу негизинен келишимдик негизде экен. 2-турдан өтпөй калсак кандай кыларыбызды билбейбиз, контракт төлөгөнгө каражат жок", - дейт Батаева.

Ал эми абитуриент Нуртегин Рустам уулу юрист же кытай тилинен котормочу болууну пландаган. Бирок Бишкек шаарындагы ЖОЖдордо бул факультеттерде бюджеттик негизде билим берүү жок болгондуктан келишимдик негизде кытай тилинен котормочу болуу чечимин кабыл алган.

"Мен айылдан 161 балл менен келдим, бирок келишимдик негизде билим ала турган болдум. Жогорку окуу жайларда мугалимдик кесиптерге гана бюджеттик орундар бар, калган көпчүлүк факультеттерге бир да бюджеттик орундар берилген эмес", - дейт Нуртегин.

Кыргызстандагы эл аралык университетинин кабыл алуу комиссия өкүлдөрү аталган окуу жайда бир дагы факультетке бюджеттик орундар берилбегенин айтышат. Алардын айтымында, мындай абал акыркы 3-4 жылдан бери болуп келе жатат. Өлкөдөгү жогорку окуу жайларындагы бюджеттик орундар тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку профессионалдык билим берүү башкармалыгынын башчысы Абдыманап Жолдошевге кайрылдык.

"Жыл сайын өлкө боюнча жогорку окуу жайларга бюджеттик 5700 орун берилет. Анын ичинен 2000дей орун мугалимдик адистикке даярдоого бөлүнөт. Бул жылы деле ошол орундар, өзгөрүү жок. Адистерди даярдоо, окуу жайлардагы бюджеттик орундарды багыттарга бөлүштүрүү өкмөттүн атайын чечими, түзүлгөн механизмдер аркылуу кабыл алынат. Бизге жыл сайын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кайсы адистиктер керектүү экени аныкталып, тизме жөнөтүлөт. Алардын аныктамасы боюнча 2016-2017-жылга 70 миңдей адис керек. Анын ичинде 19 миңи жогорку билимдүү адистер керектелери аныкталган. Мунун негизинде министрликтердин жалпы кеңешүүсү, өкмөттүн чечими менен керектүү адистиктердин тизмеси жогорку окуу жайларга жөнөтүлөт. Ошондон кийин кайсы адистиктерге бюджеттик орундар берилери аныкталат", - деди Жолдошев.

Анын айтымында, өлкө боюнча бир дагы окуу жайда юриспруденция менен экономика багыттарына бюджеттик орундар жок. Анткени өлкөдө аталган адистер жетиштүү.

"Өлкө боюнча 3000дей мугалим жетишсиз. Азыр да окуу жайларда мугалимдик адистикке, ветеринардык адистикке орундар толбой жатат. Жаштар бул багытты тандабай жатат, бирок биз өлкөнү керектүү адистер менен камсыздашыбыз керек", - деп кошумчалады ал.

Бул жылы мектепти 62 миң окуучу аяктаса, анын 48,5 миңи (78%ы) ЖРТ тапшырган. Анын ичинен 26 миңдей бүтүрүүчү 110 босого баллдан өткөн болсо, 22 миң окуучу бул көрсөткүчкө жеткен эмес. Эң жогорку балл топтогон 55 окуучуга президент "алтын сертификат" ыйгарган. Алар каалаган окуу жайдан акысыз билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. 55 окуучунун 45и Бишкек шаарындагы мектептерден билим алган болсо, 10 окуучу облустардан келген. Ошол эле учурда аймактардагы орто мектептердин окуучулары "алтын сертификатты" бөлүштүрүүдө мектептердин макамына маани берилбей жатканына ыза болуп жаткандыктарын билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aidan88
2017-07-14 18:11:34
Men da buydjetke ball jetpei kalgan,Kyrgyzstan El Aralyk universitetinde okugam jakshy okugandarga kancha prosent skidka bar bolchu ,birok azyr bilbeim kandai butkonum kop jyl bolup kaldy.jyldan jylga okuunun baasy koboiup le atat
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан