Муфтият Чоң-Алай районундагы жана Өзгөндөгү Аюу жана Жалпак-Таш айылдарында жер титирөөдөн жабыр тарткан 8 үй-бүлөгө үй курууга 2 миллион 800 миң сомдук акчалай жардам көрсөттү. Акчалар 8 үй-бүлөгө бүгүн, 13-июлда өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүндө тапшырылып берилгенин Муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, курулуш материалдарын сатып алууда жана жеткирүүдө атайын арзандатылган баада кызмат көрсөтүүчү жеке тараптар менен макулдашуулар жургүзүлүп, бардык тиешелүү жардамдар берилет.
Кыргыз мамлекетинин Мусулмандар дин башкармалыгынын аппарат жетекчиси Абибилла Кадырбердиевдин айтымында, бул каражат 2017-жылдагы орозо-битирден чогултулган каражаттан бөлүнүп берилүүдө.
Жардам алган үй-бүлөлөрдүн тизмеси:
Чоң-Алай району: Паяз Мамажусупов, Эрали Эркебаев, Бекболот Маданов, Али Арпидинов. Өзгөн району:
Жаныш Ысманов, Бекболот Ысманали уулу, Абылкасым Козубаев, Ашим Сатаров.
Жогорудагы турак жай куруу үчүн жардам алууга муктаж жарандарды аныктоо процесси жергиликтүү элдин тандоосу менен ишке ашырылган.
Эскерте кетсек, апрель айында Өзгөн районунда жер көчкү, май айынын башында жер титирешинен ондогон үй-бүлөлөр оор жоготууларга учураган.