Өзгөн районунда 20дан ашык адам жер көчкү алдында калды. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 29-апрель күнү саат 07:00 чамасында Заргер айыл аймагынын Аюу айылында көлөмү болжол менен 1 миллион метр куб жер көчкү түшүп, 7 турак үйдү басып калган. Алдын ала маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен 24 адам жер көчкүнүн астында калган.
Азыркы тапта куткаруу иштери жүрүп жатат.