Кандайдыр бир пикир келишпестиктерге териккендер өзүнүн каршылашынын жүзүнө кислота чачып, андан өч алуусу дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө кезигет. Бирок үрөйдү учурган бул кылмыш өзгөчө Түштүк Азиядагы мамлекеттерде токтобой келет. Адамга кислота чачуу эң көп катталган өлкө - Бангладеш. Анда жылына 2000ге жакын адам кислотанын курмандыгына кабылса, Индияда бул сан 300дөн ашат. Пакистан, Ооганстан, Иран, Камбордже жана башка мамлекеттерде да кислотанын курмандыгына кабылгандар көп кездешет.
Чырдашкан адамын өмүр бою азапта жашоого аргасыз кылган кылмыштын орун алуусуна көбүнчө өмүрлүк түгөйлөрдүн бири-бирин кызгангандыгы, айрым учурда кыздар колун сураган жигитке турмушка чыгуудан баш тарткандыгы, күнүмдүк-тиричиликтердеги талаш-тартыштар себеп болот. Дүйнөдөгү кислотага күйгөндөрдүн 70-80 пайызы аялдар экенин Лондондогу ASTI кайрымдуулук уюму билдирген.
Кислотадан күйүк алып жүзү, денеси коркунучтуу көрүнүп, калыбына келтирүү мүмкүн болбой калган адамдар коомдон өздөрүн алыстатып, өмүр бою терезенин түбүндө сырттагы жашоого көз салуудан башка аргасы жок экенин айтып келишет. Арасында эркин колго алып, ошол калыбында элге аралашып, активдүү жашоону уланткандар бар.
Кислотага күйгөндөрдүн бири индиялык Решма Куреши. Ал 17 жашында 2014-жылы күйөөсүнөн качып келген эжеси менен экзамен тапшырууга кетип жаткан. Жолдон эжесинин күйөөсү 2 досу менен келип эжесине кол көтөрө баштаган. Бул учурда бир тууганын калкалоо аракетин көргөн Решма менен эжесине алар кислота чачып кетишкен.
Бул окуядан кийин Решманын жүзү мурункусунан таптакыр өзгөрүп, бир көзүнөн айрылган. 2 жыл аралыгында оор күндөр, кайгыга салган ойлор менен алышып отуруп, анын тагдырындай тагдырга туш болгондордун кыйналуусун коомго эстетүү, жеткирүү максатында кайрадан кадимкидей элге аралашып жашоону чечкен. Бети күйгөндөн 2 жылдан кийин Решма Нью-Йорктогу мода жумалыгына катышып, көрүүчүлөрдү өзүнүн эрктүүлүгү менен таңданткан. Муну менен Решма Индияда кислотаны сатууда тыкыр көзөмөл керек экендигине чакырык жасаган.
Колун сураган жигитке турмушка чыгуудан баш тарткандыгы үчүн Ирандын Тегеран шаарынын 18 жаштагы жашоочусу Ширин Мохамадинин бүтүндөй жашоосу өзгөрүүгө дуушар болгон. Ал мындай абалга 2012-жылы кабылган. Ширинге таарынган жигит аны шылдыңдап, бетине кислота чачып кеткен. Жигиттин өч алуусу жаш кызды бир көзүнөн, бир кулагынан арылтып, оозунда, денелеринде күйүктүн тырыктары калган.
Ирандын Хорремабад шаарында "Менин үй-бүлөмдү бузууга аракет жасадың" деп күнөөлөгөн эркек киши 38 жаштагы Раана Пор Амрай менен 8 жаштагы кызы Фатима Каландарге кислота чачып кеткен. Өч алууну көздөгөн адам Раана Пор Амрайды менин аялыма мени менен ажыраш деген кеңешин берген деп күнөөлөгөн. Раананын бети, көзү жана моюну күйсө, кызынын далысы менен колдору күйүк алган.
Аты аталган өлкөлөрдө кислотанын курмандыгына эркектер да кабылат. Чырдашкандардын мындай өч алуусунун башкы себептери - кислотанын жарандарга жеткиликтүүлүгү жана баасынын арзандыгы. Ошондой эле мамлекет тарабынан күчөтүлгөн жазанын жоктугу да ага күйгөн адамдардын санынын өсүүсүнө алып келет.
Бул мамлекеттерде өкмөттүк эмес уюмдар кислотаны сатуудагы көзөмөлдү күчөтүп, анын курмандыктарына мамлекет тарабынан жардам берүү талаптарын коюшат. Индиянын өкмөтү 2015-жылдан тартып кислотага күйгөн жарандарды мамлекет акысыз дарылайт деген токтомду кабыл алганы менен, ооруканалардагы күйүк бөлүмдөрдүн жоктугу жана медициналык тиешелүү каражаттардын тартыштыгы күйүк алгандардын абалын жеңилдетүүгө өбөлгө боло албайт.
"Индияда мындай кылмышты жасагандар 1-3 жылга эркинен ажыратылса, Колумбияда 12 жылдан 50 жылга чейин камакка алынып, кылмышкерди табууга көмөктөшкөндөргө 40 миң доллар сыйлык берилет. Камбоджада 1 жылдан тартып өмүр бою эркинен ажырашы мүмкүн. Бангладеш, Ооганстанда укук коргоочулардын катуу чара көрбөгөндүгүнө байланыштуу кислотага күйгөндөр аларга көп кайрылышпайт. Мунун кесепетинен алардын расмий саны реалдуу көрсөткүчтөн бир топ төмөн", - деп билдирген өкмөттүк эмес "Кислоталык кол саалууну токтоткула" эл аралык уюмунун активисти Алок Дикшит чет элдик маалымат булактарына.