ЖЫЛНААМА, 15-ИЮЛЬ: Актёр, обончу Нуркан Турсунбаев 77 жашка толду

1940-жылдын 15-июлунда актёр, композитор Нуркан Турсунбаев Нарын облусунун Жумгал районунда туулган. Ал СССРдин театр ишмерлер союзунун, кинематографисттер, композиторлор союздарынын мүчөсү, Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти наамдарын алган. Нуркан Турсунбаевдин "Ай баратат", "Суу алган кыз" аттуу ырлары эл арасында ырдалып жүрөт.

Ал 3 жашынан тартып комуз чертип, ырдап баштаган. Бала кезинде аккордеон, балалайка черткенди үйрөнгөн. Кийинчерээк музыкалык 14 аспапта кол ойнотконду өздөштүрүп, обон чыгара баштаган. Алгачкы обонун 13 жашында апасына арнап чыгарган.

15-июлга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан