Эркектер арасындагы теннис боюнча "Чоң шлемдин" түркүмүнө кирген "Уимблдон" аттуу мелдешти швейцариялык Рожер Федерер 8-ирет багындырды.
Маалыматка ылайык, "Уимблдондун" финалдык беттешинде Рожер Федерер хорватиялык Марин Чилич менен кез келген. Анда беттеш 1 саат 42 мүнөт убакытка созулуп, жыйынтыгында 6:3, 6:1, 6:4 эсептеринде, Рожер Федерер жеңүүчү болуп аныкталды.
Эске салсак, 2017-жылдын январь айында Рожер Федерер Австралия Ачык Биринчилигин жеңип алган.