Бүгүн теннис боюнча эркектер арасында Австралия Ачык Биринчилигинин финалы орун алды. Мелдештин расмий сайты билдиргендей, финалда швейцариялык Рожер Федерер испан теннисчиси Рафаель Надалды жеңди. Мелдеш 3 сааттан ашык убакытка созулуп, жыйынтыгында ийгилик Федерерге жылмайды. 35 жаштагы Федерер ушуну менен аталган мелдешти 5-жолу утса , Чоң шлемдеги 18-титулу.