Сауд Арабияда кыска кийим менен сейилдеген модель жергиликтүү полиция тарабынан кармалды. Бул тууралуу CNN телеканалы билдирди.
Модель сурак учурунда видео анын уруксатысыз тарап кеткенин жана видео тартылып жаткан кезде мыйзамга ылайык, аны эркек тууганы коштоп жүргөнүн айткан.
Эске салсак, буга чейин айымдарга кыска кийим кийип, башына жоолук салынбай жүрүүгө уруксат берилбеген Сауд Арабияда кыска юбка менен футболка кийип сейилдеген моделдин видеосу социалдык тармактарга байма-бай тарап, жергиликтүү тургундар аны тез арада жоопко тартуу керектигин айтып чыгышкан.
Азырынча моделге кандай жаза берилери маалымдала элек.