Сауд арабиялык модель Хулуд социалдык тармактагы баракчасына аталган өлкөдө кыска юбка менен футболка кийип сейилдеген видеосун киргизди. Арабияда айымдарга башына жоолук салынып, узун кийим кийип жүрүү шарт. Мындан улам жергиликтүү тургундар жана журналисттер моделдин өлкө тартиптерин сактабагандыгы үчүн ага карата ар түрдүү терс пикирлерди калтырып, ага карата чара көрүүнү талап кылышууда.
Видео байыркы Ушайкир айылында тартылган. Бул жерде 18-кылымдарда ваххабизмдин негиздөөчүсү Мухаммад ибн Абд аль-Ваххаб туулган.
Учурда бул иш боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.