СУПЕРСТАН: "Чалды Кудай урарда элүүсүндө жаш болот" деген сөз жөн жерден чыкпаган көрүнөт"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "40 жаштан өткөн эркектер токтоно албай калабы?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы автордун билдирүүсү: "Күйөөм 40тан ашты. Шүгүр, жакшы жашадык, менин көзүмдү карап сүйөм, сенсиз жашай албайм деп турчу. Азыр аны бирөө алмаштырып койгондой. Ойнош таап алганын билип алып аябай жаман болдум. Ыйлап, "чыгып кет!" дедим. Мен ойлогом да жакшы көрөт деп, ал ушуну күтүп тургандай "эмне кыласың, ажырашасыңбы?" деди. Түшүнө албай ар кайсыны сүйлөп жүрө бердим. Башка үйгө жатып алдым же кечирим сурабайт. Он күндөн кийин капа болгон киши болуп "жаталы" дедим, дароо "мейли" деди. Жаттык, эртеси күнү да айттым, "отказ" жок "давай" дейт. Кыркка чыгып калды, жаш эмес, кантип эле "турсун" деп таң калам. Күнүнө 2 жолудан десем деле "мейли" дейт. Мени кайра жакшы көрүп калар, ойношуна кетпесин деп ар нерсе кылдым. Жок, кайдан "мен ал жакка дагы барып турайын" деп ачык эле айта баштады. "Ушундай экенмин, эмне кылайын?" дейт. Мени менен да жатат, тиги жагына да барат, ушул жашка келип буга эмне болгон деп таң калып жатам. Чогуу жатканыбыз менен мага азыр аябай оор болуп жатат. Аны кантип кармап калам. Ыйлап, үшкүрүп көзүмдүн жашы токтобойт. Тигил жагы качанкыга чейин эле иштей берет, эмне кылсам? Күнүгө жата берип менден көңүлү калып жатабы, билбейм. Орусиядабыз, ойношу да кыргыз эмес, татар. Аны жакшы көрүп калганбы, күйөөмдү тааныбай жатам. Бул жерде "бабкалар" аябай көп экен, акча ташып алып барып жатса, окутуп койгонбу деп да ойлоп кетем. Аябай оор болуп жатат, эмне кылсам? Ажыраша да албайм, башкача сүйөм, ансыз жашай албайм. Кеңешиңерди бергилечи, сураныч".

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Ай-ий, Кудай сактасын, Кыргыз өлкөсүнө алып кетиңиз. Апалары менен сүйлөшүп, оорудум деп чакыртсын, ашыкча акча карматпаңыз. Ар кандай шылтоо менен акчасын алыңыз. Себепсиз бербей койсоңуз жаман жыйынтык бериши мүмкүн, ар кандай шылтоолорду, көйгөйлөрдү жаратыңыз. Кыскасы сценарийине өзүңүздүн жакын адамдарыңыз жардам берсин".

"Эркек кыркка чыкканда чын сүйүү келет дейт го. Менин да башымдан өттү, сени жакшы түшүнүп турам, өтө оор. Канча балаң бар? Сен үй-бүлөңдү сактап калуу үчүн сабыр кыл. Жакшы сүйлөп өзүңө тартканга аракет кыл".

"Эркек болжол менен 40ка чыкканда кризис келет дешет. Потенциясы өзүнөн өзү көбөйбөйт, алгач "кыркка чыктым, картаюудамын" деген ой пайда болот. Анан өзүнүн дагы деле жаш экендигин тастыктоо үчүн ушинтип урунуп берилет дешет. Башкача айтканда, көп жылдар бою "өзүн жакшынакай алып жүргөн" адам дайыма "жакшы" болгондон тажайт да, тормозду коё берет. "Өмүрүм өтүүдө, а мен өзүм үчүн жашадымбы?" дегендей баалуулуктарын кайра карап чыгуу доору келет дешет. Бул сөзсүз эркектерде жана сөзсүз 40ка чыкканда эмес, аялдарда да кездешип, 45-50 жашта деле боло берчү нерсе экен. Бекеринен, "чалды Кудай урарда элүүсүндө жаш болот" деген сөз айтылган эместир".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Hadyja
2017-07-22 12:27:33
Озунуз байбиче болуп,тигинисин экинчи жубай кылып алып берип,бактылуу жашай бериниз.
Себеби,жалгыз,куйоосу таштап кеткендер толтура.Ага караганда куйоонуз жанынызда экен.Шариат боюнча нике кыйдырып жашай берсин.
Сизди жакшы эле карап,багат окшойт.Шугур деп жашай бериниз!
Ошо да проблемабы?
+2
Aruwka.89
2017-07-22 12:58:00
Hadyja,апеей жаман оной суйлоп коюпсунго
Сенин куйонду да биро тартып алса берет белен
+2
Hadyja
2017-07-22 14:58:19
Aruwka.89,эгер мен да 40тан ашып,куйоом аял алам десе,каршы болбойм.Кудайым Озу Уруксаат Берсе,мен ким элем,каршы чыккандай.
Куйоом жалгыз меники,эч кимге бербейм дегендерди коруп журобуз,куйоосу же таштап кетет,же ар ким менен журот.Ошондой жаман жолдорго тушуп кеткенче экинчи аял алып жашаса,ал эркектин табияты,ошондой.
-1
datkayimjan
2017-07-22 15:39:39
Татар башын жакшылап айландырган
+1
Kubat.karagulov
2017-07-22 17:08:20
Чалды эмес эркекти кудай ураарда элүүсүндө жаш болот деген макал бар
0
Hadyja
2017-07-22 21:43:49
Кой,урушпайлы!Эки ырчыбыз урушканы аз келгенсип,сыныктан башкасы жугуштуу болуп,гезитти окуй берип,биз да урушчаак болбойлу.
Аял алса менин куйоом алаар,калганынар сарсанаа болбогула
+1
Milana.
2017-07-22 23:18:25
Hadyja, ылайвм куйоо аял алып калсынчы
0
Targarien
2017-07-23 03:20:30
Milana, бироонун жамандыгын тилегиче озундун амандыгынды тиле, эркектер деле бир аялдын жеке менчиги эмес паспортко штамп басып койсо эле
0
aijan
2017-07-23 07:55:34
Кубат мырза, мен билген вариантта "Чалды кудай ураарда элуусундо жаш болот, ханды кудай ураарда оз элине кас болот" деп айтылат.
0
aijan
2017-07-23 07:59:53
Хадижа, дин боюнча, эркек экооно тен кароосу абзел болуп жатпайбы. А бул адам байбичесин унутуп коюп зыналашынын гана конулун карап, ошо менен кун-тун кечирип башы айланып жатпайбы. Уйлонсо деле байбичесинин "байбиче" аты калбаса, жолдошу токолунун жанынан кадам чыкпай калуусу айдан ачык болуп жатпайбы. Тен карай албаган адамды уйлонтуп куноого батуунун кажети жоктур.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан