ЭЛДИК КАБАР: Чолпон-Атада катуу шамал болуп, парашют менен учуп жүргөн адам жарым сааттай жерге түшө албай түйшөлдү

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында бүгүн, 20-июлда саат 18:30дар чамасында катуу шамал болуп, көлдүн жээгинде парашют менен учуп жүргөн адамдын жерге түшүүсүнө тоскоолдук жаралды. Маалыматты окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.

Анын айтымында, парашютта учуп жүргөн эс алуучу жарым сааттай жерге түшө албай түйшөлгөн.

"Шамал анын жерге конуусуна тоскоол болуп жатты, эл топтолуп жардам берүү аракетин көрүштү. Жарым сааттык аракеттен кийин эс алуучу жерге түштү", - деп жазат окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
omurbekFCB
2017-07-20 20:01:18
эми экинчи парашютка тушпой турган болуптурда хе
+8
Kubinis
2017-07-20 22:08:09
бекер жарым саат учуп алыптырда парошютта
+13
Hadyja
2017-07-20 22:42:06
Жакшы болгон экен да,мен болсом шамал токтобой турса экен демекмин.Кандай сонун парашютта журо берген
+7
nurbekasr
2017-07-21 02:06:40
Ичинен шамал өтүп кетсе керек
+3
aibars
2017-07-21 03:02:24
Баарынанда комменттерди окуш соонунда:))
+3
moskyrsat
2017-07-21 07:43:57
Айланайын копчулук болуптурда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан