Париж шаарында 1924-жылдын 20-июль күнү эл аралык шахмат федерациясы (FIDE) негизделип, бул күн 1966-жылдан бери майрамдалып келет. Акыл оюнун белгилөө демилгеси Бүткүл дүйнөлүк шахмат федерациясы (ФИДЕ) тарабынан көтөрүлүп, бул күнү ар түркүн майрамдык мелдештер өткөрүлөт.
Оюндун аталышы фарс тилинен алынган, "шах мат" "бийликтеги өлдү" дегенди түшүндүрөт. Индия шахматтын мекени болуп саналат. V кылымда Индия өлкөсүндө шахматка окшош чатуранга оюну ойлоп табылган.
20-июлдун жылнаамасы.