ЖЫЛНААМА, 21-ИЮЛЬ: 118 жыл мурун белгилүү америкалык жазуучу Эрнест Хэмингуэй төрөлгөн

Мындан 118 жыл мурун, 1899-жылы 21-июлда америкалык жазуучу Эрнест Хемингуэй Чикагонун жанындагы Оук-Парк деген чакан шаарчада дарыгердин үй-бүлөсүндө туулган. Бала чагынан балык уулоону жактырып, спорт менен машыккан. Окуучу кезинде Эрнест Хемингуэй мектептин журналында кызмат өтөй баштаган.
1917-жылы мектепти бүткөндөн кийин Казан-Сити шаарына келип, "Стар" деген гезитте кабарчы болуп иштейт. Ушул учурда ал көркөм чыгармаларды көп окуп, жазуучулук ишке баш оту менен берилип, биротоло ошол кесипке багыт алган. Стендаль, Гюстав Флобер, Оноре де Бальзакты окуп, орус адабиятынан Иван Тургенев, Лев Толстой, Николай Гоголь, Фёдор Достоевскийди терең изилдеп окуп чыккан.
Анын дүйнөлүк адабий даңкы 1926-жылы жарыяланган "Күн да чыгат " ("Фиеста") деген биринчи романынан улам башталган. Конгого бараткан жолдо 1954-жылы спорттук учакта катуу кырсыкка учурап, ооруга чалдыккан. 1961-жылы Гаванадан (Куба) мурда жашап жүргөн Американын Айдахо деген штатындагы Кетчем деген шаарчага кайрадан кайтып келип, ошол эле жылы 2-июлда 61 жашында өзүнүн мергенчилик мылтыгы менен өзүн өзү атып өлтүргөн. 1954-жылы "Нобель" сыйлыгына татыктуу болгон.
21-июлга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aitunuk
2017-07-22 02:00:07
Чыгармаларын кайра-кайра окугандан тажабайсың.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан