SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Башка улуттагылар менен жүргөн кыздан "кыргызсыңбы?" деп сурашты", - деген аталыштагы видео жүктөлдү.
Видеого тартып жаткан адам түнкүсүн көчөдө жүргөндөргө кайрылып, эркектердин арасындагы кыздын улутун сурап жатат.
"Бул кыргыз кызыбы? Акмак, армян улутундагы эркектер менен жүрөт", - деп сөгүнүп, жаман сөздөрдү айтууда. Кызды жандаган эркектер аны жөн гана узатып бара жатканын билдирип, видеого тартпоону айтышууда. Видео социалдык тармактарда талкууланып, ал Москва шаарында тартылышы мүмкүн деген пикирлер бар.
Эске салсак, өздөрүн "Патриоттор" деп атаган топ 2013-жылы Сапаргүл аттуу кызды башка улуттагы эркектер менен сүйлөшөсүң деп суракка алып, сабап, видеосун интернетке жүктөшкөн. Ага улай эле "патриоттор" өздөрү ур-тепкиге алган кыздардын видеосун интернет тармактарына жарыялап турган.