ТИМ: "Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок"

"20-июлдан 21-июлга караган түнү Түркиянын Бодрум шаарындагы жер титирөөдөн жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок".

Мындай маалыматты бүгүн Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы Түркиядагы өкүлчүлүк берген маалыматка таяп билдирди. "Түркиянын Бодрум шаарындагы тийиштүү кызматтар менен байланышта болуп, жаңы маалыматтарды алып турабыз", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, Греция менен Түркияны чектештирип турган Эгей деңизинин жээктеринде күчтүү жер титирөө 20-июлдан 21-июлга караган түнү катталган. АКШнын Геологиялык кызматы маалымдагандай, зилзаланын күчү 6,7 баллга жеткен. Жер титирөөнүн аймагы Түркиянын Бодрум курорттук шаарынын түштүк-батышынын 10,3 чакырымынан Грециянын Кос аралынын 16,2 чакырым аралыгында катталган дешүүдө. Ал эми очогу болсо деңиздин 10 чакырым тереңдигинде орун алганы болжолдонду. Кырсыктан Грецияда 2 адам каза болуп, 3 адамдын абалы оор, 120дай адам жаракаттарды алышкан. Мындан Тышкары Түркиянын Бодрум шаарында 70тен ашык адам ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Ayida
2017-07-21 14:23:24
Столдо отургандар не кылып атышат?
0
kyzdynsyry
2017-07-21 15:58:19
Ayida,jer titroo tunku saat 1:30 boldu. Elder korkup uiloruno kire alishkan jok. Owonduktan tan atkancha eshikte jatywty
+1
jany-aryk
2017-07-21 15:40:42
Стамбулда да катуу жамгыр жаап сел каптап кетиптирго кече твдан кордум жаман болуптур
+1
Aidani
2017-07-22 00:00:35
Кучу 5 балга жеткен зилзала дагы болду 8 де
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан