Бишкектеги Кара-Жыгач сейил багы куураган бутактардан тазаланбай жатат. Бактын ичиндеги айрым дарактар түбү менен кыйылып кеткен болсо, кээ бири такыр куурап калган.
Буга чейин Кара-Жыгач сейил багынын башчысы Дамир Исмаилов бакты карап иретке келтирүү, тазалоо иштерине кызматкерлер аз болуп жетишпей жатканын билдирген. Ал белгилегендей, бакты кароодо 12 тазалык кызматкери, 8 кароолчу эмгектенет. Андан бери толук бир жыл убакыт өтсө да андагы абал өзгөрүүсүз.
Кара-Жыгач сейил багы 1881-жылы түптөлгөн. Аталган бактын жалпы аянты 143 гектарды түзүп, 5 миңден ашуун түрдүү дарактар отургузулган.