Базар-Коргон районунда 100дөн ашык кожолуктун жол каттамын жакшыртуу максатында көпүрө салынууда

Базар-Коргон районунда 100дөн ашык кожолуктун жол каттамын жакшыртуу максатында көпүрө салынууда. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 2017-жылга карата түзүлгөн “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш планы боюнча Арстанбап айыл аймагынын Таштак тилкесиндеги Арстанбап сайына көпүрө куруу боюнча жумуштар жүрүүдө.

"Көпүрөнүн узундугу 24 метр. Азыркы тапта цемент, арматура алынып, жергиликтүү тургундар тарабынан көпүрөнүн курулуш иштери жүрүп жатат. Көпүрөнүн ишке кириши менен Арстанбап айылындагы 100дөн ашуун кожолуктун жана мектеп окуучуларынын жол каттамы жакшырат", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан