XXI кылымдын эң негизги көйгөйү - үй-бүлөлүк баалуулуктардын жоголуп бара жатышы. Ата-эне менен баланын аралыгы алыстаганы, мамилелердин солгундашы түшүнбөстүктөрдүн жаралышына себеп болууда. Мындан улам үй-бүлөдө ырк кетип, өспүрүмдөр үйдөн качып өз өмүрүнө кол салганга чейин барышууда. Бишкек шаарындагы Балдарды коргоо борборунун психологу Ольга Биденконун айтымында, учурда көйгөйсүз бала жок. Бири оор кырдаалга кабылса, бири жөн гана курдаштары, мугалимдери менен тил табыша албайт.
"Балдар кездештирген көйгөйлөр жөн гана жашоодогу абал экенин, адамдарга таарынуунун кереги жоктугун, өч алуу зарыл эмес экенин түшүндүрө билүү керек", - дейт психолог.
БАЛДАРДЫН НЕГИЗГИ КӨЙГӨЙЛӨРҮ
Көңүл бурулбай калышы. Замандын тез агымынан, аял киши эркек киши менен тең тайлашып карьера куруп калгандыктан, балага тиешелүү деңгээлде көңүл бурулбай калды. Жыйынтыгында бала ата-энесинин көңүлүн буруу максатында ар кандай бейбаштыктарга барат. Эгер ал жардам бербесе көңүл бурган, түшүнгөн, коргогон адамды сырттан издеп баштайт.
"Анан ата-эне "биздин балабыз начар чөйрөгө аралашып кетти" же "балам тилимди укпай калды" деп кайрылышат. Мындай абалда бала менен гана эмес, ата-энеси менен да иштөөгө туура келет. Анда эки тарапка тең комплекстүү көнүгүүлөр жасалат", - дейт Биденко.
Ажырашуу. Бала үчүн ата-эненин ажырашуусу чоң стресс. Ал ата-эне үчүн сарсанаа болуп, өзү экиге "бөлүнөт". Мындан сырткары кээде ажырашуудан улам бала ата-энени жек көрүп калат. Бул көйгөй учурда кыргыз элинин арасында кенен жайылууда.
"Кичинекей кыздын ата-энеси ажырашып, атасы башка аял алып, балалуу болуптур. Кызы атасын жек көрүп калган. Аны менен сүйлөшсөм, "атам бизди таштап кетти, менин ага керегим жок" деген сөздөрүн айтты. Ага атасы аны жакшы көрөрүн түшүндүрүп, атасын чакырттым. Экөө биринчи жолу көрүшкөндө, кызы атасын жаман көрүп, орой сүйлөдү. Убакыт өтүп, атасы эки үй-бүлөсүн тең жакшы көрөрүн көрсөтө алды, жыйынтыгында кызы бир көйгөйдөн кутулду", - дейт психолог.
Ажырашуунун айынан кароосуз калган балдардын саны көбөйүүдө. Канчалаган мекендештер Орусияга кетип, ал жактан башка үй-бүлө куруп жатат.
"Мурун кыргыздар баланы таштап салышчу эмес, азыр эч ким багууну каалабайт, интернаттарга таштап кетишет. Мурун жок дегенде таяке-таеже, байкелери багып алышса, азыр туугандары балдарды алышпайт. Мындан сырткары кыздар улам күйөөгө тийип, ар бири менен каттоого турбай көз жарат. Эркекти бала менен кармап калам деп ойлошот. Азыркы заманда эркекти бала менен кармоо мүмкүн эмес. Эгер экинчи турмуш курган эне күйөөсү менен баланын ортосунда калса, баланы тандашы керек. Ал өзүнүн мээримин, сүйүүсүн балага бериши керек", - деген социалдык кызматкер Фатима Аллаярова кыздарга турмуш курарда жети өлчөөнү сунуштайт.
"Улам турмуш курган келиндер баланы боюнан алдырууну күнөө деп коюп, төрөп аны таштап кеткенди күнөө дешпейт. Айрым балалуу келиндер турмушка чыгып, дагы төрөп, бага албай таштап кетишет. Бул экөө тең бирдей күнөө экенин түшүнүшпөйт", - деп кошумчалады социалдык кызматкер Айнура Эмирканова.
Миграция. Ата-энеси башка өлкөдө жүргөн бала "мен ким менен жашайм?", "мен эмне болом?" деп ойлонуп, чочулап, өзүнө ишенбей, өзүн жоготуп коёт.
"Кышында "Көк кит" оюну тууралуу маалымат тарап, баарын чочулатты. Ошол маалда бир кыз көп кабаттуу үйдөн секирип каза болду. Көрсө ал оюндун ага тиешеси жок экен. Анын апасы Орусияда, өзү бул жакта эжесинин үйүндө, катуу ооруп жүргөн экен. Мындан улам өзүн эч кимге кереги жок сезип, бирөөнө кошумча түйшүк болгусу келбей, секирип кеткени аныкталды", - дейт Биденко.
Ошондой эле айрым балдар чоң ата, чоң энесинин колунда өсүп калышат. Балдар үчүн ата-эне ролун алар аткарып калышат. Чоңоюп калган балдары ата-энесине кайтканда, алар баласынан мээрим күтсө, бала чоочун адамдар менен жашагандай болот.
Ажырашуу менен миграция көйгөйлөрүнөн улам кароосуз калган балдар да көп. Аларды каалаган нукка буруп, начар чөйрөгө аралаштыруу оңой.
Өткөөл курак. Баланын өткөөл курагында организми өзгөрүп, келбети менен канааттанбай, жашына баштайт. Ата-энеси "жалкоосуң", "муну кыл", "тигини кыл", "жакшы оку" деп, көптү талап кылат.
Мектеп көйгөйлөрү. Мектептеги "баа", "контролдук иш" өзү коркунучтуу сөздөр. Баалар системи, мектептеги кошумча төлөмдөр баары билимге карай жолдо тоскоолдук. Мугалим балдар менен ачык сүйлөшүүнүн ордуна акча дооламай менен алек. Бул нерсе да мугалимди окуучуга жаман көрсөтөт. Мектепте окуучулар стресске көп кабылышат. Мугалимдер мурунку үлгү менен иштеп, азыркы балдарды кантип окутуу керектигин билишпейт. Учурда окуучулар интернет аркылуу көп нерсени билип алышат. Мектептеги мугалимден да жаңы нерсени күтүшөт.
Менталитет. Социалдык кызматкер Айнура Эмирканованын айтымында, кыргыз элинин менталитети боюнча ата-эне баланы милдеттендирип алат. Бала жаштайынан ата-энеси үчүн жоопкерчилик алып калат.
"Биз мурдагы баалуулуктарды жоготуп, менталитет сөзүнүн маанисин өзгөрттүк. Менталитет боюнча үй-бүлөдө эркек киши кожоюн. Кожоюн катары балдарына көңүл буруп, кам көрүшү керек. Бүгүнкү күндө бала өгөй атасы менен жашаса, ага оор болот. Мисалы, бизге бир баланы "клей жыттайт, ата-энесин укпайт" деп ташташкан. Көрсө анын бир тууган байкеси каза болуптур, өгөй атасы менен тил табыша албай урушчу экен. Апасына айтса, ал унчукпайт. Акыры бала апасына эч нерсесин айтпай, чүнчүп, өз жанын кыйганга даяр болуп калыптыр", - дейт кызматкер.
Ал эми психолог Ольга Биденко кыргыз элинин менталитетин сыйлай турганын айтып, бирок балдар үчүн көп жоопкерчилик жүктөлөрүн белгилейт:
"Бул жакта улууну сыйлоо жогору турат, бул менталитеттин баалуулугу. Бирок мисал келтирсем, жакшы окуган кыз окуусунан апасы төрөгөнү үчүн кетип кала жаздаган. Апасы баланы кызы үчүн төрөгөн жок, бирок ага да жоопкерчилик берип жатат. Бала кичинекей кезинен тарта турмуштун түйшүгүнө эрте кабылып, ден соолугунан, жан дүйнөсүнөн жабыркайт".
БАЛАГА ТУУРА ТАРБИЯ БЕРҮҮ ҮЧҮН ӨЗҮҢҮЗДҮ ТАРБИЯЛАҢЫЗ
Бала бактылуулук үчүн эмес, бактылуу үй-бүлөдө төрөлгөнү оң деген пикирин айтат психолог:
"Ата-эне баланы багып кетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондо балалуу болсо жакшы болмок. Баланы тарбиялаш үчүн өзүн биринчи тарбиялоо керек. Кыздар өзү бала кезде турмуш курбашы керек. Бала баланы тарбиялай албайт. Эненин жан дүйнөсү чоң ролду ойнойт. Ал тынч болбосо, балага кайдагы тынчтыкты берет? Балага эч ким апа боло албайт, канчалык аракет кылсаң да баары бир апа болбойсуң. Өзүбүздү балабыздын ордуна койгондо гана анын эмне каалап жатканын түшүнө алабыз".
Мындан сырткары Ольга Биденко үй-бүлөнү калыптандырууда аялзатынын да ролу чоң экенин айтат.
"Кыздардын көпчүлүгү учурда турмушка таяныч издеп чыгышат. Туура, эркек кам көрүшү керек, бирок аялзаты дагы эркекке кол кабыш кылып, үй-бүлөнү туура багытка салып, туруктуу кылганга аракет кылышы зарыл. Үйдөгү гармонияны сактай алганда гана бала бактылуу болуп чоңоёт", - дейт психолог.
БАЛАГА КАНТИП ЖАРДАМ БЕРСЕ БОЛОТ?
Сүйлөшүү. Биз көбүнчө мектеп окуучулары менен иштешип жүрөбүз. Кышында "көк кит" толкунунан улам өспүрүмдөр үчүн жайкы лагерди уюштуруу идеясы келди. Лагерге 12-16 жаштагы балдар алынып, инсан катары өнүгүшү боюнча тренингдерди өткөрүүнү пландап жатабыз. Мугалимдер жардам берүүнү каалашса да, көйгөйдүн түпкүрүнө жете алышпайт, бул жерде психолог жардам бериши керек. Группада 10-15 бала болуп, өз ара сүйлөшүп ишеничтүү абал түзөбүз. Мындан улам көйгөйгө кабылган бала жалгыз эмес экенин билип, ачыла баштайт.
Ар кандай терапиялар. Андан соң балага жашоого, сүйүнүүгө, окууга эмне тоскоол болуп жатканын билип, өзүнө түшүндүрөбүз. Ал үчүн "Мандала" методун, арт-терапия, жомокторду колдонобуз. Арт-терапия аркылуу балдар өзүнүн коркунучун сүрөткө түшүрүшөт. "Ушундан коркосуңбу? Аны эмне кылгың келип жатат?" деп сурасак, көбү жок кылгысы келет, бири өрттөп, бири тытып салышат.
Дене менен иштөө терапиясы. Балдар таарынычтан, коркунучтан кутулганда, өз денесин сезип, жеңилдеп калышат. Ошондо бий менен алектенишет. Ал өзүнүн көйгөйүнөн арылган соң өнөрүн таба алат. Аларга башка бирөөнүн ролунда болуу кызык. Андыктан мүмкүнчүлүк түзүп берүү керек. Мисалы, эгер баатыр болгусу келсе, баатырдын бет кабын кийгизип көрүңүз. Кээде бала жалгыз болгусу келет, анда да жайына коюу керек. Ар бир бала индивидуалдуу мамилени талап кылат.
Айта кетчү жагдай, көйгөй бир гана балада эмес, ата-энеде да болушу мүмкүн экенин айтышат адистер.