Индияда жашоочулар пилдин баласын сууга тумчугуп калуудан сактап калуу үчүн 3 саат күрөштү

Индиянын Батыш Бенгалия штатынын жергиликтүү жашоочулары пилдин баласын сууга чөгүп кетүүдөн сактоо үчүн 3 саат күрөштү. Чет элдик маалымат каражаттары жазып чыккандай, кичинекей пил жакын жерде жайгашкан токойдон эл жашаган аймакка суу ичүү үчүн келген. Бирок ал бетон аралашкан резервуарга түшүп кеткен. Жергиликтүү тургундар ач кыйкырыкты угуп резервуарга келгенде пилдин баласынын жандалбастап жатканын көрүшкөн.

Тургундар куткаруучулар менен жаныбарларды коргоочуларды чакырышкан. Ага чейин өздөрү пилди сактап калуу аракетин көрүшкөн. Резервуар өтө терең болбогону менен пилдин баласынын корккондон шаштысы кетип, ары-бери урунуп жатканын көрүүгө болот.

Жашоочулар суу ичүү үчүн пилдер алар жашаган жерге көп эле келерин айтышкан. Куткарылган пил дароо эле токойду көздөп бет алган.

Индияда пилдин баласын өлүмдөн сактап калышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
kechirmeni
2017-07-22 10:04:38
Индиялыктар жакшы, жаныбарларга жакшы мамиле кылышат
+5
Eli.91
2017-07-22 13:23:17
ушул жерге жазганым учун кечирим сурайм админ,ош шаарына караштуу ноокат районунун кайсы айылы экенин билбейм сел келип 3 адамды агызып кетиптир,2адамдын денсоолугу жакшы экен 1 ден- соолугу начар экен оор экен деп уктум ошол жонундо иликтеп койсонуздар жакшы болот эле супер.
+4
admin_superstan
2017-07-24 10:11:03
Eli.91, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилген.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан