Германияда соттук отурумга мышыкты чакырышты

Германиянын Ингольштадт шаардык соту соттук отурумга айыпталуучунун мышыгын алдырууну буйрук кылган. Анткени ал мышык кожойкесинин коңшусунун бутун сейилдеп жүргөн кезинде тиштеп алгандыгы тууралуу жергиликтүү Die Welt гезити жазган.

Маалыматта жазылгандай, мышык тиштеген аялдын жарааты көп убакытта айыккан. Андыктан ал дарыланууга кеткен чыгымды мышыктын кожойкеси төлөп берсин деп арыз менен сотко кайрылган. Жабырлануучу ага 2,7 миң евро беришин талап кылган.

Сот мышыктын канчалык деңгээлде агрессивдүү экенин билүү үчүн кожойкеден жаныбарын жанына ала келүүнү өтүнгөн. Өз кезинде мышыктын ээси аны абдан боорукер жана жоош деп сыпаттап, чымынды да капа кылбай турганын айткан.

Соттук отурум эки тараптын бир ымалага келиши менен аяктаган. Мышыктын кожойкеси коңшусуна ал талап кылган сумманын жарымын төлөп бере турган болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
zezim2000
2017-07-22 10:34:28
мына сага Европа
+10
UlukmanKalyev
2017-07-22 10:58:24
Закончулдар
+6
kechirmeni
2017-07-22 11:20:51
Аларда сотко мышыкты чакырат, бизде президентти чакырышат.
-11
muhsina
2017-07-24 03:15:25
kechirmeni, Бардык жерде эле кимдин тиешеси болсо , ошону чакырат. Аларда мышыктын тиешеси бар экен чакыртыптыр. А бизде президенттин тиешеси бар кайра кайра чакыртса да барбайт го...
0
TIMON_BERKOWITZ
2017-07-22 11:25:48
- Мышык, сен тиштедиңби мунун бутун?
- Мяу..
- Неге тиштедиң?
- Анан эмне өзү түртүнөт мяу?!
+16
buiga
2017-07-22 11:26:54
Биз мурда жайлоого чыгат элек.Анан биздин кабаак ит бар эле.Бир кун соседибизди тиштеп алыптыр.Соседибиз болсо, итинерди сотко берем десе оло кулдук эле)) ошол эсиме тушуп кетти.
+19
PROS
2017-07-22 12:36:38
Жаман коңшудан Кудай сактасын!
+6
aselushka
2017-07-22 12:57:39
Мышыгым келалбайт, жакында кесарево жолу менен тууду эле деп койбоптурда
-1
muhsina
2017-07-22 13:16:07
Мышык жаныбар болсо да барыптыр, а биздин шеф убагында Текебаев менен ашташ болуп жүрүп ошолорго көрсөтмө бериш үчүн канча жолу чакыртса да барбайт... .
+8
tahircan
2017-07-22 13:55:09
Анан да мышыкка "боорукер" деген сыпаттоо колдонулушу чекене.
0
Hadyja
2017-07-22 15:44:06
Тушунуу кыйын.Ит,мышыка мурас калтырып,сотко чакырып,уйлонуп эле бир укмуш боло беришет.
0
admiral
2017-07-22 15:58:33
Кулбогонго айла жок да)))))
0
karasuu
2017-07-23 02:55:36
Темаданда коммент.р кулкулуго
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан