ЭЛДИК КАБАР: "Оштогу билим берүү мекемесинде жарымына чейин тытылган желек илинип турат" дейт окурман

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Фуркат айылындагы профессор Жолдубаев атындагы адистештирилген окуу-тарбия комплексинин сыртына илинген желек жарымына чейин тытылып кеткен. Бул абалды SUPER.KG порталынын окурманы WhatsApp аркылуу сүрөткө тартып жөнөттү.

"Бул жерде желек көптөн бери алмаштырылбаса керек. Эгерде мекеме аны жаңылоого каражат таппаса алып койбойбу? Бул уят нерсе", - деп жазат ал.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Azat.97
2017-07-22 12:35:05
Автор азамат!!
+12
azatbek19995
2017-07-22 13:31:33
Кызыл свети калбаптырго
+8
grace
2017-07-22 13:56:35
Шермендечилик, директорду айдаш керек!
+4
kechirmeni
2017-07-22 14:25:48
уят айланайындар уят. Алмаштырып койгула эптеп каражат таап. Биз деле чогултуп береличи
+6
birtanem
2017-07-22 15:07:55
Бул башкы прокурор Индира Жолдубаеванын ата энесинин мекемеси
+7
admiral
2017-07-22 15:43:57
Эмне деген шермендечилик. ушунчалыкда акмак болушабы? Булардын козун май басып, акчадан башка эч нерсе коздоруно илинбей калган((
+2
admiral
2017-07-22 15:45:58
Мэрия каякты карап отурат? Айтмамат Ошту жаарытпайт
+6
AzKumFerDan
2017-07-22 22:45:26
Жаңы окуу жылына алмаштырып койобуз айланайындар!!!ызылдабай турсанарчы..
+1
BubleGum
2017-07-23 17:59:43
AzKumFerDan, жооп жазып коёт дагы :(
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан