Индиянын “Doordarshan” мамлекеттик телеканалынын директору жана алып баруучусу 58 жаштагы Канчат Натты пальма дарагы басып калып каза болду. Бул тууралуу“Daily Mail” басылмасы маалымат таратты.
Белгилүү болгондой, кырсык шаар четиндеги Мумбаи Чембур аймагында катталган. Алып баруучу йога ийриминен чыгып, үйүн көздөй бара жатканда капысынан пальма дарагы кулап кетип, анын үстүнө түшкөн. Окуя ошол жердеги видеокамерага тартылып калган.
Кырсык болгон жерге "Тез жардам" кызматы келип, аны ооруканага алып кеткен. Бирок катуу сокку менен түшкөн оор салмактагы дарактан көп жаракат алган алып баруучу ооруканадан жан берген.