Кытайлык "Lenovo" компаниясы ийилчээк аппараттардын үлгүсүнүн үстүндө иштеп, учурда бүктөлө турган планшетин көрсөттү. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар маалымдайт.
2016-жылы "Lenovo" компаниясы ортосунан бүктөлө турган планшет жана ийилчээк смартфондордун баштапкы үлгүсүнүн сүрөтүн жарыялаган. Учурда Lenovo компаниясы ийилчээк аппараттардын үлгүсүнүн үстүндө иштеп, бүктөлө турган планшетти "Tech World 2017" презентациясында көрсөттү. "Folio" планшетинин экраны 7,8 дюймга барабар жана бүктөлгөн түрүндө 5,5 дюймдук смартфонго айланып калат. Атайын жасалган механизм аркылуу планшетти ар кандай бүктөөгө мүмкүн.
Эске салсак, буга чейин "Lenovo" компаниясы оромодой ороло турган жаңы ноутбук чыгарат деген маалымат айтылган.