Ленин чокусуна чыгып бара жаткан 68 жаштагы орусиялык альпинист каза болду

Ленин чокусуна чыгып бара жаткан альпинист Юрий Курмачев 23-июлда каза болду. Бул тууралуу "Комсомольская правда" басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, кырсык 6 100 метр бийиктикте орун алган. Аба ырайынын бузулушу анын денесин алып түшүүгө тоскоолдуктарды жаратып жатканы кабарланган.

Юрий Курмачев - Сибирь федералдык университетинин алдындагы институтта Жогорку математика кафедрасынын доценти, тажрыйбалуу альпинист, спорт чебери болгон. Ал бийиктиги 7 миң метрден ашкан 20 чокуну багынтканы үчүн ага "Ак илбирс" наамы берилген. Ленин чокусуна буга чейин 8 жолу чыккан. Альпинист 68 жашта эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bak1122
2017-07-25 10:51:17
Лелин чокусу кай жактта
0
hihikayu
2017-07-25 11:09:29
bak1122,Чон-Алай районунун Кашка-Суу айылында.Алай районунун Сары Могол айылынанда барса болот.
+2
Muslim_KGstana.
2017-07-25 18:06:44
Карыганда жон олтурса болмок экен
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан